МЕКТЕПТЕРДЕ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАДР МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 15.06.2026
- 0
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүүдө. Бул багыттагы көйгөйлөр жана инклюзивдик билим берүүнү колго алуу маселеси Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында атайын каралды.
Жыйындын жүрүшүндө агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 29 миң 728 бала адистештирилген жана жалпы билим берүүчү мектептерде, ошондой эле “Туңгуч” онлайн мектеби аркылуу билим алып жатышат.
«Мындан тышкары, дагы 8 миңге жакын бала ден соолугунун оор абалына байланыштуу мектепке бара албайт. Алар үй шартында же реабилитациялык борборлордо билим алышып, мугалимдер тарабынан жеринде окутулууда», — деп билдирди министрдин орун басары.
Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү маселесин көтөрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектептерде бардык зарыл шарттарды түзүү керектигин баса белгилешти. Депутаттар тарабынан мектептерге мугалимдердин жардамчысы кызматын киргизүү, пандустарды көбөйтүү жана атайын адистердин санын арттыруу сунушталды.
Өзгөчө кадр маселесине көңүл бурулду. Мектептерде психологдордун, логопеддердин, сурдопедагогдордун жана башка атайын педагогикалык адистердин жетишсиздиги курч экени айтылып, бул багыттагы кадрларды жогорку окуу жайларда даярдоону тез арада күчөтүү сунушу берилди.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны акыркы жылдары байкаларлык өскөн:
Жыл Майыптыгы бар балдардын саны
2010-жыл 22 000 бала
2023-жыл 37 637 бала
Инклюзивдик билим берүүнү сапаттуу уюштуруу жана ар бир балага тең укуктуу шарт түзүү — бүгүнкү күндүн башкы талабы бойдон калууда.
Комментарийлер