“МЕКТЕПТЕР2030” ДОЛБООРУНУН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 22.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде министрлик жана Ага Хан Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер2030” долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын башында Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна жана Ага Хан Фондунун башчысы Давлатсултон Доргабекова куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты. Жолугушууга, ошондой эле, долбоордун өнөктөштөрү: Кыргыз билим берүү академиясы, Билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча улуттук борбор, Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо институту жана башка өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты.

“МЕКТЕПТЕР2030” ДОЛБООРУНУН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

“Мектептер2030” – бул билим берүү сапатын жогорулатуу жана окутуу иш-аракеттерин изилдөө жаатындагы глобалдык он жылдык илимий долбоор. Долбоор 2020-2030-жылдардын аралыгында дүйнөнүн он өлкөсүндө, миңдеген пилоттук мектепке чейинки, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде жүзөгө ашырылат.

Дизайн ой жүгүртүү ыкмасын колдонуп, долбоор заманбап дүйнөнүн белгисиздигин ийгиликтүү жеңип, коомдун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн балдардын жана жаштардын билимин, жөндөмүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандыруудагы мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшөт. Кыргыз Республикасында долбоор Ош, Нарын, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 30 мектепке чейинки жана 70 жалпы билим берүү уюмдары менен иш алып барат.

«Дизайн ой жүгүртүү ыкмасын колдонуу мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү жолдорун издөөгө, ал эми ийкемдүү каржылоо бул чечимдерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Долбоордун изилдөө алкагы билим берүү кызматкерлерине далилдерге негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Ошондой эле, жакынкы он жыл аралыгында узак мөөнөткө иштөө мүмкүнчүлүгү системалуу жана туруктуу мамиле кылуу үчүн маанилүү деп эсептейбиз”, — деди Ага Хан Фондунун Билим берүү Программасынын менеджери Асел Доромбаева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер