МЕКТЕПТЕР “ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУ МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨ

  • 06.05.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын мектептеринде башталгыч класстардын математика жана окуу сабактары боюнча билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган USAIDдин “Окуу керемет” долбоору республикалынын баардык мектептеринде колдоого алынып жатат.

МЕКТЕПТЕР “ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУ МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨ

Окуучунун окуп түшүнүү  жана математикалык көндүмдөрүнүн өнүгүүсү тууралуу ишмердиктерди мугалимдер, китепканачылар, ата-энелер чогуу иштешүүдө. USAIDдин “Окуу керемет” долбоору менен  Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектеби да иш алып барууда. Башталгыч класстардын мугалимдери  Г.Чодонова,Т.Ирсалиева, М.Эделбекова, китепканачы С.Конокбаева, окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Жунушов, тарбия иштердин уюштуруучусу Ниязбек уулу Адилет  башталгыч класстардын окуучулары менен   “Көркөм окуу”,  ”Үй-бүлөлүк окуу”,”Китеп көргөзмөсү”, ”Китеп куржуну” марафону  сыяктуу иш-чараларды алып барышууда.

МЕКТЕПТЕР “ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУ МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨ

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата мектеп боюнча иш-чара өткөрүлүп,  ага ата-энелер окуучулар, мугалимдер катышты. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн  ”Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук”  күнүнө карата иш-чарага башталгыч класстын окуучулары катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты жана сыйлыктарга ээ болушту. USAIDдин  “Окуу керемет” долбоорундагы иш-чараларды  райондук деңгээлде уюштуруп, жана бул долбоор  менен иштеп жаткан мектептердеги иштердин жүрүшүн райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Асаналиева Астра  жетекчиликке алып иш алып  барууда.

Д.Айдарбеков, Кочкор району

Бөлүшүү

Комментарийлер