МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СЫНАК

  • 12.03.2022
  • 0

«Аксы үмүтү» кыздар федерациясы Кербен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин администрациясы жана мектептин кыздар кеңеши менен биргелешип «Кыргызда кыздын чачы улук, кылымда кыздын аты улук» аттуу мектептер аралык сынак өткөрдү.

МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СЫНАК

Бул сынакка Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин «Аруузат», Абдрахман Жоробеков атындагы орто мектептин «Даткайым», Ж.Мавлянов атындагы Кербен инновациялык жатак лицей-мектебинин «Лилия», Сармат Качыкеев атындагы орто мектептин «Арууке» кыздар топтору жогорку даярдык менен келишип, күч сынашты.

МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СЫНАК

Жобонун негизинде ар бир топ кийизден, чийден, кагаздан жасалган буюмдардын көргөзмөсүн уюштурду, кыздардын билими, өнөрү сынга коюлуп, калыстар тобу тарабынан татыктуу баалар берилди. Кыз адебин, сулуулугун, назиктигин жана акылмандыгын даңазалаган бул сынак жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СЫНАК

Жыйынтыгында, Н.Мамбетов атындагы орто мектебинен келген «Аруузат» тобу жеңүүчү деп табылды.

МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СЫНАК

Баса, иш-чара өткөрүп жаткан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде Кыздар кабинети бар. Буга чейин мындай кабинет Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде түзүлгөн болчу.  Келерки жарыш  Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде өтмөкчү.

Узен Атаканов, Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер