ОН ЖЫЛДЫК МАСШТАБДУУ ДОЛБООРГО 100 МЕКТЕП КИРЕТ

  • 16.12.2019
  • 0

Кыргызстандын тоолуу аймактарынын өнүгүүсүн колдоо Программасы (мындан ары – MSDSP KG Коомдук фонду), АгаХан фондунун демилгеси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу мененМектептер — 2030” аттуу 10 жылдык  жаңы глобалдык долбоорду баштоодо. Долбоор дүйнө жүзү боюнча  он өлкөдө иш алып барат.

Ушуга байланыштуу,  Билим берүү жана илим министрлигинде “Мектептер — 2030: дизайн жана пландаштыруу» аттуу семинар болуп өттү. Семинарга  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары жана министрликтин жетектөөчү адистери,  билим берүү тармагындагы эксперттер, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк  эмес уюмдардын өкүлдөрү жана, ошондой эле, “Мектептер -2030” долбоорунун глобалдык  донорлук фондунун  мүчөсү — Oak Foundation уюмунун өкүлү катышты.

Семинардын маанилүүлүгү —  “Мектептер — 2030” долбоорунун алкагында пландаштырылган ыкмаларды жана иш-чараларды контекстуализациялоо жана   ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.

“Мектептер — 2030” долбоору мектепке чейинки жана мектеп билим берүү  сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүдөй милдеттерди белгилейт:

  1. Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү;
  2. Ар бир окуучунун жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  3. PISA — 2024 даярдоо;
  4. Окуучуларга жана жаштарга кесиптик багыт берүү;
  5. Билим берүү тармагында санариптештирүү процесстерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.

Долбоордун алкагында тандалып алынган бала бакчалар менен мектептерге жыл сайын микрогранттар берилет. Ошондой эле долбоордун катышуучуларына эл аралык жана улуттук “Мектептер — 2030” форумдарына, анын ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер