“МЕКТЕПТЕР-2030”: тажрыйба жайылтылат

  • 05.03.2024
  • 0

Элетте эмне кеп?

Ош облусунун Алай райондук билим берүү бөлүмүндө “МЕКТЕПТЕР-2030” программасынын багыттары, талаптары, ишмердүүлүгү боюнча райондук семинар өттү. Семинарга райондун акими Бапаев Чыңгыз, Ош билим берүү институтунан Кудайкулова Жамила, программанын консультанты Ураимова Эңсегүл, райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таиров Болот жана бала бакчалардын жетекчилери, тарбиячылары катышты.

Аким Чыңгыз Арстанбеков пилоттук мектеп жана бакчаларда алгылыктуу иштер болуп жатканына кубанып, билим берүүгө көңүл бурууда жумшак көндүмдөр өтө маанилүү экенине токтолду. Ошондой эле бул программа менен иштеп жаткан беш бакчанын эле эмес, пилоттук сегиз мектептин да тажрыйбасын жайылталы деген сунушун киргизди.

Эскерте кетсек, “Мектептер 2030” программасы — 2020-жылдан 2030-жылга чейин дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн 1000 билим берүү уюмдарынын катышуусу менен ишке ашырылуучу глобалдык он жылдык программа болуп эсептелет. Кыргызстанда бул программага 100 билим берүү мекемеси катышууда.

Программанын максаты — коомдун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого, жайылтууга көмөктөшүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер