“МЕКТЕПТЕР-2030”: НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ЖАБДЫЛДЫ

  • 25.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен биргеликте  Нарын облусундагы мектеп жана бала бакчаларга заманбап жабдууларды тапшырды. Бул саамалык “Мектептер-2030” программасынын алкагында ишке ашты.

2021-2023-жылдар аралыгында бул программа менен 35 000 000 сомдук заманбап жабдыктар, эмеректер жана китептер менен пилоттук мектептер камсыздалса, быйыл 100 мектепке 5 500 000 сомдук заманбап жабдууларга сертификаттар берилген.

Ага Хан фондунун өкүлү Назира Жолдошбекова бүгүнкү берилип жаткан инвентарлар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан инновациялык сунуштарды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталганын билдирди. Анын айтымында, долбоор балдардын билимин, көндүмдөрүн жана дүйнө таанымын калыптандырууда чоң роль ойнойт.

“Биз инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү ыкмасын пайдаланып, эң маанилүү деп эсептелген беш, он жана он беш жаштагы балдарга басым жасадык. Алардын математикалык сабаттуулук, окуу жана түшүнүү, жоопкерчиликти ала билүү, сынчыл ойлом, лидерлик сапатын өрчүтөбүз. Биздин максат – балдардын билим жетишкендиктерин, көндүмдөрүн, баалуулуктарын, дүйнө таануусун калыптандыруу үчүн мектеп жамааттары менен бирге алдыңкы инновациялык чечимдерди, практикаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу”, – деди Н. Жолдошбекова.

“Мектептер-2030” – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган 10 жылдык программа. Быйыл июнь айында программанын алкагында Глобалдык форум өтөт. Форумга 36 өлкөдөн 200дөн ашуун өкүл келип, Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

Эльвира Какиева, Нарын

Бөлүшүү

Комментарийлер