МЕКТЕПТЕГИ ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ ҮЧҮН КАНЧА АКЧА ТӨЛӨӨ КЕРЕК?

  • 24.01.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинен мектептеги окуу китептерине ижара акысын банк аркылуу төлөө тууралуу түшүндүрүштү. Маалыматка караганда, окуу китептери үчүн  ижара акысын бардык банктан төлөөгө болот.

МЕКТЕПТЕГИ ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ ҮЧҮН  КАНЧА АКЧА ТӨЛӨӨ КЕРЕК?

Төлөмдү ишке ашырууда окуучунун толук аты-жөнүн, мектептин кодун жана окуу классын көрсөтүү зарыл.

«Элсом» системасында төлөмдүн тууралыгын текшерүү системасы жана минималдуу 5 сом комиссия бар болгондуктан, мектептер ата-энелерге ушул ыкманы сунуштай алышат, деп белгилешти министрликтен. Ошондой эле ата-энелер өз каалоосу боюнча банк тапдап алуу укугуна ээ экендиги белгиленет.

Билим берүү жана илим министрилиги окуу китептери үчүн ижара акысы өкмөттүн 2017-жылдын 16-октябрындагы №671 «Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептери үчүн ижара акысын киргизүү жөнүндө» токтому тарабынан бекитилгенин эскертет.

Ижара акысы 5-6-класстардын окуу китептери үчүн гана алынат. Жылына 1 китепке 25 сом.

Ижара акысы 2018-жылдын декабрына чейин мектептерге жеткирилген жана жаңы тизмеге киргизилген китептерге гана төлөнөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер