МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ
- 22.03.2021
- 0
Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги мектебинде быйыл Нооруз майрамы ата-энелердин катышуусунда өзгөчө белгиленди.
Майрамдык иш-чара мектептин 6-7-8-класстарынын окуучулары тарабынан даярдалып, күн жылуу болгондуктан ата-энелердин катышуусунда мектеп алдында өттү.
Бул күнү чыгармачыл окуучулар аркан тартмай баш болгон улуттук оюндарды ойношуп, улуттук бийлерди бийлешти. Мыкты аткаруучуларга, жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар берилди. Сыйлык ээлеринин арасында жаш сүрөтчү, 8-класстын окуучусу Эргешова Нурзада да бар. Ал майрамды элестеткен эң мыкты сүрөттү тарткан.
— Нооруз майрамына карата иш-чара жогорку деңгээлде өтүлдү. Майрамдын тарыхын ак-талаалык алдыңкы педагог Айна Осмонованын «Класстан тышкаркы иштердин иштелмелери» аттуу усулдук китебинен алдык, калганы өзүбүздүн изденүүдөн жаралды, — дейт бул күнкү иш-чаранын уюштуруучусу, мектептин тарых мугалими Шайлиева Назира.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер