МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ: КӨЙГӨЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 25.09.2026

Жогорку Кеңеште депутат Бурул Аманованын демилгеси менен «Мектептерде буллингдин жана рэкеттин алдын алуу: балдардын коопсуз билим алуусун камсыздоо» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ: КӨЙГӨЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Ички иштер, Агартуу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин өкүлдөрү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, психологдор, укук коргоочулар жана эксперттер катышты. МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ: КӨЙГӨЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Депутат Бурул Аманова мектептердеги кысым, рэкетчилик, кибербуллинг жана окуучуларды басмырлоо фактылары азайбай жатканын, анын ичинде Сузак жана Чаткал райондорундагы окуучулардын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяларды өзгөчө белгиледи. Эл өкүлү бул көйгөй менен системдүү күрөшүү үчүн мыйзамдарга «буллинг» жана «кибербуллинг» деген түшүнүктөрдү киргизүү боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдап, эл аралык натыйжалуу тажрыйбаларды колдонуу зарылдыгын ортого койду. МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ: КӨЙГӨЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Өз кезегинде Агартуу министрлигинин өкүлү Алтынбек Эркимбеков ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртууга багытталган программалар жана мектептерге психолог штаттарын киргизүү тартиби боюнча маалымат берди. Жаңы тартипке ылайык, психологдордун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша бөлүнөт (100дөн 275ке чейин окуучуга – 0,25 штат, 276дан 550гө чейин – 0,5 штат, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерде – 1 штаттык бирдик каралат). МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ: КӨЙГӨЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Талкуунун жыйынтыгында мектептерде буллингдин алдын алуу, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү