МЕКТЕПТЕГИ АЧЫК КИТЕПКАНА

  • 23.04.2025
  • 0

Кемин районундагы Т.Өмүралиев атындагы Алмалуу орто мектебинин фойесинде китепкана ачылды. Ал ачык китепканага каалаган окурмандардын баары барып китеп окуй алат.

Китеп окуп, билимге кызыгууну арттырууну ар бир коомдун өсүп-өнүгүүсүнүн негизги шарты экендигин жакшы билген мектеп жамааты ачык китепкана ачууга көптөн бери даярданып келген. Ар бир адам каалаган убакта билим алып, өзүн өнүктүрүүгө шарт түзгөн ачык мейкиндикти камсыздаган бул китепкана атайын кабинетке эмес, мектептин фойесине жайгаштырылгандыгынын да сыры бар.

— Китепкананы кабинетке жайгаштырганыбыздын себеби бул жайга ар ким тоскоолдуксуз кире алат. Китеп окугусу келгендер, ар кандай тапшырмаларга даярдангандар, эс алгысы келгендер же жөн гана өзүн өнүктүрүүгө дилгир болгон ар бир адам үчүн эшик ачык. Бул — чыныгы элдик китепкана. Китепканада окуучулар ар кандай жанрдагы китептерди окуп, шахмат жана шашки сыяктуу акыл оюндарын ойной алат. Сабактары эрте бүткөн балдар бул жерде келерки сабактарына даярданат. Китепкана тынч, жарык жерге уюштурулуп, ар бир келген адамга ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн, — дейт мектептин директорунун милдетин убактылуу аткарып келаткан Ратха Азарбекова.
Бул маанилүү ишке айыл өкмөтү бөлүп берген 25 миң сомго китепкана үчүн бардык зарыл жабдууларды сатып алышты. Мындай сонун демилгеге кайдигер карабаган айыл тургундары жана жаштары демөөрчүлүк көрсөтүп, отургучтар, терезе пардалар жана башка жабдуулар менен камсыздап беришти. Бул албетте, айылдаштардын билимге болгон камкордугунун айкын далили эмеспи.
Айтмакчы, ачык китепкана долбоорунун алгачкы демилгечиси мектептин мурдагы директору Эльмира Шергазиева болгон. Анын идеясын мектеп директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Радха Талантовна жетектеген эмгек жамааты ийгиликтүү улантып, иш жүзүнө ашырып отурат.

— Ачык китепкана — бул бир гана окуу жайы эмес, бул келечекке болгон инвестиция, эркин ойлонууга, изденүүгө, өнүгүүгө жол ачкан аянт. Бул демилге билимге суусаган ар бир адам үчүн чыныгы белек болуп калды. Биздин коомдо мындай жакшы иштер уланып, билимге болгон көңүл эч качан суубасын, — дейт Радха Азарбекова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер