МЕКТЕПТЕБИЗ

  • 24.04.2020
  • 0

МЕКТЕПТЕБИЗ

 

— Качан, эжей, барабыз, — дейт, — мектепке?

— Мектептебиз, — дедим мен да жылмая.

— Кайсы суроо кыйнап жатат, айта гой?

Карегине катып алып көз жашын,

— Түшүнүктүү, эжей, — деди кылчая…

 

Оо кудайым, өзүң сакта оорудан,

Адамдарды, уул бала, кызды ая.

Мектеп – мекен, экинчи үй, ал уя.

Орду толбой, окуучуга окуунун,

Жыл аяктап бара жатат, жылды ая.

 

— Эжекей, — дейт, — мектебимди сагындым.

Үйдөн чыкпай мен кудайга жалындым.

Жаттап койдум үй ишине берилген,

Мазмуну зор китептеги жаңы ырдын.

Жатка айтып бир жолу эле жаңылдым.

 

— Азаматсың, акылдуусуң сен өзүң,

Аруу таза, аппак кардай мүнөзүң.

Абалдагы кырдаал бир аз түзөлсүн,

Ар бирибиз мектеп үчүн гүл тигип,

Өстүрөбүз, жулбайбыз эч бирөөсүн.

 

Ашира Кулишева

Кара-Үӊкүр жалпы орто билим берүүчү мектеби.

Ала-Бука району

Сүрөттө: Даярдоо класстын окуучусу Эркинбекова Жумасыя

Бөлүшүү

Комментарийлер