МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
- 02.09.2024
- 0
Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагындагы Кеңеш жалпы билим берүү орто мектебине Жаныш Рустенбековдун аты берилди.
Билим күнүнө карата аталган мектепке кош майрам белгиленип, коомдук ишмер, экс-депутат, экс-министр Жаныш Рустенбековдун ысымы өзүнүн туулуп өткөн Кеңеш айылындагы мектепте ыйгарылды.
Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев баштаган Ж.Рустенбековдун замандаш-кесиптештери, бир туугандары, айылдык кеңештин депутаттары, айылдаштары катышты.
Рустенбеков Жаныш 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское (азыркы Кеңеш) айылында туулган. 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.
1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.
1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.
1996-2000-жж. КР Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген. 2000-2005-жылдары – КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин Төрагасы болсо, 2005-2007-жж. КР өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 2007-2022-жж. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.
Жаныш Рустенбеков 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер