МЕКТЕПКЕ ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР КЕРЕК

  • 07.03.2024
  • 0

“Биз 7-8 жылдын ичинде билим берүү тармагын түп тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Азыр мугалимдерге эмне зарыл болсо, баарын алып берип, тиешелүү шарттарды түзүүгө даярбыз” – деди Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча 2022-2023-окуу жылдары мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин айлык акылары 50-80% жогорулаган. Мугалимдердин эмгек акыларын дагы жогорулатуунун кийинки кадамы – аттестациялоо жүргүзүп, категорияга жараша акча кошуу эле. Арийне, жакында эле эксперимент катары өткөрүлгөн аттестациялоонун жыйынтыгы кубанарлык болгон жок.

— Мектептерде сөзсүз түрдө таланттуу мугалимдер иштеши керек. Бала кайсы таланттуу мугалимдин колуна түшсө, ошого жараша багы ачылат.  Мугалимдердин айлык акыларын дагы жогорулатуу үчүн аларды аттестациядан өткөрүп, категорияга жараша айлык эмгек акыларын жогорулатуу максатында эксперимент катары 60 мугалимди аттестацияга киргизсек, болгону бир мугалим аттестациядан өттү. Анча деле татаал эмес, жөнөкөй эле адамдар жооп бере турган суроолорго биздин мугалимдерибиз жооп бере алган жок” – деди А.Жапаров. Минкаб башчысы мугалимдердин билим деңгээли көптөн бери келаткан көйгөйлүү көрүнүш экенин белгилеп, жетишпей жаткан мугалимдердин ордуна 40-45 жашынан эс алууга чыккан аскер кызматкерлерин, окумуштуу-профессорлорду тартуу керектигин, кандай болгон күндө да мектептерде сөзсүз түрдө таланттуу мугалимдерди иштетүүгө бардык шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров мугалимдер 70 миң ноутбук менен камсыздоо боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер