МЕКТЕПКЕ ТҮШҮҮЧҮ АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН АЧЫКТЫГЫ ТАЛКУУЛАНАТ

  • 25.02.2020
  • 0

Бүгүн 17.30 да борборубуздагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында мектепке түшүүчү акча каражаттарынын ачыктыгына кепилдик берчү жаңы платформанын бет ачары болот.

Алдыда болуучу жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри, борборубуздагы райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери, шаардагы мектептердин директорлору, мектеп алдындагы коомдук фонддордун жетекчилери катышмакчы.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 96 жалпы билим берүүчү орто мектептер бар жана алардын дээрлик баарында мектепке түшүүчү акчаны көзөмөлгө алган коомдук фонддор иштейт.

Тилекке каршы, бул коомдук уюмдардын ишине нааразы болгон ата-энелер да жок эмес. Коомчулукта да мектепке түшүүчү акча каражаттарынын ачыктыгы көптөн бери талкууланып келет. Билим берүү жана илим министрлиги болсо, мектепте акча каражаттарын жыйноону токтотуу тууралуу атайын буйрук чыгарган.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер