Мектепке чейинки уюмдардын медицина кызматкерлери окуудан өттү

  • 05.06.2026
  • 0

Ош шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында дарылоо-алдын алуу кызматтарын уюштурууга арналган окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.

Семинарга Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген медицина кызматкерлери катышып, балдардын ден соолугун коргоо, оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча билимдерин тереңдетишти.

Окуунун негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, балдардын ден соолугун сактоо боюнча иштерди күчөтүү жана медицина кызматкерлеринин кесиптик потенциалын өнүктүрүү.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, мындай окуу-семинарлар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлүп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу багытында системалуу түрдө улантылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер