МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ТАРБИЯЧЫЛАРЫ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
- 07.08.2023
- 0
Талас облусунун тарбиячылары үчүн 3 жаштан 6 жашка чейин балдарды өнүктүрүү «Балалык» программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өтүлдү.
— Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова менен биргеликте курстун аягында тастыктама тапшырышты. Тарбиячылар курстан өздөрүнө эң жакшы маалыматтарды усулдарды алганын белгилешип, дагы жакынкы күндөрү ушундай курстар байма-бай болуп туруусун суранып, сунуштарын беришти, — дейт тренер Абдиназаров Жеңишбек.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер