МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТКӨНДӨР ҮЧҮН САЛЫКТЫК КАТТОО ЖЕҢИЛДЕТИЛЕТ

  • 12.04.2023
  • 0

Бишкекте бүгүн “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси өттү, анда жеке ишкерлерди салыктык каттоого алуу процедуралары талкууланды.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТКӨНДӨР ҮЧҮН САЛЫКТЫК КАТТОО ЖЕҢИЛДЕТИЛЕТ

Кеңешмеде Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкердин салыктык каттоодон өтүү процессин (арыз берүүдөн тартып тийиштүү документтерди алууга чейинки) толугу менен сунуштады.

“Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” багытында иш алып барган ведомстволор аралык жумушчу топтун негизги милдети мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер үчүн каттоого туруу ыкмасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Белгилүү болгондой, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында мамлекеттик органдар тармактагы актуалдуу маселелерди аныктап чыгып, 100 күн ичинде коюлган максаттар ишке ашырылууга тийиш.

Бөлүшүү

Комментарийлер