Мектепке чейинки билим берүү кандай нукта өнүгүшү керек?

  • 05.04.2024
  • 0
Бишкекте “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” деген аталышта илимий-практикалык конференция башталды.
Анда республиканын бүт аймактарынан келген бала бакча педагогдору мектепке чейинки билим берүү ишмердүүлүгүндө кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу, инновациялык мамиленин баалуулуктарына ылайык окутуу ыкмаларын үйрөтүү жана STEAM илимий-техникалык чыгармачыл чөйрөнү түзүү боюнча алмашуу жана жайылтуу сырларын үйрөнүшөт.
Алар үчүн төмөнкү темаларды камтылган кызыктуу секциялар иштейт:
— Ф.Фребелдин дидактикалык системасы;
— Математкалык өнүгүү;
— Жандуу жана жансыз жаратылыш менен изилдөө;
— Лего-конструкциялоо;
— Робототехника;
— Санариптик мультстудия;
— Этнопедагогика;
— Балдар үчүн туура сүйлөө технологиясы;
— Насаатчылык ж.б.
Менин биринчи каарманым Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынан келген Элмира Бузурманкулова 25 миң калкы бар Куршабдагы “Наристе” бала бакчасынын директору. Бүгүн ал логопед адиси катары кесиптештери менен балдар үчүн туура сүйлөө технология сырларын бөлүшүүдө.
Айнагүл Кашыбаева, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер