МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН РОЛУ

  • 05.05.2020
  • 0

(Ата-энелерге сунуш)

Мектепке чейинки билим берүүдө бала менен өз ара аракеттенүү оң маанайга, мээримдүү мамилеге негизденүүгө тийиш, ал мектепке чейинки курактагы балдардын шайкеш өнүгүшүн анын ичинде физикалык (дене бой), когнитивдик, социалдык жана эстетикалык өнүгүшүн камтыйт.

Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөндөй, мектепке чейинки билим берүү программалары – баланын толук өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара аракеттенүүнү, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууну камсыз кылат.

Бул багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө элдик педагогиканын мурастары билим берүүнүн, тарбиялоонун негизги каражаты болуп кызмат кыларына шек жок. Белгилүү этнопедагог Г.Н.Волковдун: «Эң күчтүү, таасирдүү, эң ишенимдүү педагогика — элдик педагогика, ал эми тарбиячынын мыктысы – эл» деген таамай сөзүн баса белгилөөгө болот.

Элдик педагогикада тарбиялоонун каражаттарын элдик оозеки чыгармачылык (санжыра, макал-лакаптар, накыл сөздөр, жаңылмачтар, табышмактар, баш катырмалар, жомоктор, эпостор, уламыштар, элдик ырлар, акыйнек), улуттук оюндар, каада-салттар, майрамдар, улуттук буюмдар ж.б. түзөт.

Мектепке чейинки курактагы балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бул каражаттарды ата-энелер үй шартында түрдүү максат менен пайдаланууга болот.

Табышмактар – ар кыл курактагы адамдардын ичинен мектепке чейинки бөбөктөр үчүн табылгыс тарбия каражаты. Алар негизинен баланын акылын, аң-сезимин өстүрөт, кыраакы, тапкычтыкка үйрөтөт, ой жүгүртүүсүн калыптандырат.

Жаңылмач — көбүнчө балдарды так сүйлөөгө көнүктүрүп, оор сөздөрдү, тыбыштарды туура колдонууга үйрөтөт.

Макалдар – фольклордун башка жанрларына караганда мазмунунун тереңдиги жана таамайлыгы, кыскалыгы, элестүүлүгү менен өзгөчө педагогикалык мааниге ээ.

Мектепке чейинки курактагы балдарды мекенди сүйүүгө, достукка, ынтымактуулукка, эмгектенүүгө, билимдүү болууга тарбиялай турган макалдарды кездештирүүгө болот.

Балдар ырлары — баланы кичинесинен дени сак, сезимтал, сергек, акылдуу, адептүү өсүшүн көзөмөлдөп, эмгекчил болууга үндөп, чыныгы адам болууга тарбиялайт.

Ал эми, жомок балдардын табиятына, жан дүйнөсүнө дал келген, тарбиялык мааниси жогору турган жанр. Анткени жомокто сюжет кызыктуу, образдуу болуп, андагы каармандардын айбанаттардын образы менен берилиши жана алардын жаш балдардын жүрүм-турумуна ылайык сүрөттөлүшү. Жомоктун тарбиялык жактан эле мааниси болбостон, балдардын сөз байлыгын өстүрөт, туура сүйлөөгө өз оюн кеңири айтып берүүгө үйрөтөт.

Урматтуу ата-энелер, бул берилген сунуш балдарды өнүктүрүүдө багыт берет деген ойдомун.

Сиздер көрсөтүлгөн каражаттардын мазмунун үй шартында электрондук китепканалардан, интернет булактарынан алсаңыздар болот.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН РОЛУ

Ж. Кудайкулова, Ош билим берүү институтунун мектепке чейинки тарбия

кабинетинин башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер