МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ ТҮЗҮЛДҮ

  • 09.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү.

Аталган бөлүм буга чейин министрликтин мектепке чейинки, мектептик  жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын курамында болгон жана бул тармак боюнча бир гана адис иштеген.

Жаңы түзүлгөн бөлүмдө бала бакча маселеси боюнча мындан ары төрт кызматкер иштейт.

Бөлүм мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруу жана координациялоо тапшырмаларын аткаруудан тышкары, билим берүү органдарына, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана жеке адамдарга мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтүшөт жана жарандардын мектепке чейинки билим алуусуна конституциялык укуктарын камсыз кылууну көзөмөлдөшөт.

Мектепке чейинки билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды бөлүмдүн төмөнкү электрондук дарегине жөнөтсө болот: [email protected]

Кыргызстанда 1617 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 207 миңден ашык бала тарбияланат.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер