МЕКТЕПКЕ — 92 ЖЫЛ

  • 03.12.2019
  • 0

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнөн орун алган Чолпон орто мектебинин пайдубалы  1927-жылы түптөлсө, азыркы эки кабаттуу имараты 1979-жылы курулуп, 2000-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук ишмери Корчубек Акназаровдун ысымы берилген.

МЕКТЕПКЕ - 92 ЖЫЛ

35 жылдан ашуун педагогикалык тармакта эмгектенип келе жаткан Өмүрбеков Жаныш  Корчубек Акназаров атындагы мектепте 15 жылдан ашуун директорлук кызматта эмгектенип келүүдө. Учурда 630 дан ашуун окуучу билим алып жаткан мектепте 47 мугалим эмгектенсе,  анын 12 мугалими билим берүүнүн мыктысы. Мамлекеттик программанын негизинде окуучуларга билим-тарбия берип келишкен мугалимдердин эмгектери өз үзүрүн берүүдө.

2018-2019-окуу жылында кыргыз тили  сабагынан Жээнбаева Чолпонай, орус тили сабагынан Медербек кызы Айжамал республикалык олимпиадада кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушкан. Ошондой эле 5-6-класстын окуучулары “Аракет”,”Билимкана” олимпиадаларына катышып, байгелүү орундарды ээлеп ноутбук, телефон менен сыйланышкан. Менталдык арифметика боюнча республикалык турда биринчи орунду камсыз кылган окуучулар бар. Мектептин мугалимдери, окуучулары ар кандай спартакиадаларга үзгүлтүксүз катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышат.

МЕКТЕПКЕ - 92 ЖЫЛ

Чолпон айыл өмөтүнүн жайыт комитети аркылуу проекти жазып

“ИСУР” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен компьютер принтери менен алынды. Ошондой эле быйылкы окуу жылынын башталышы менен “ЮНИС  КУРУЛУШ” компаниясынын  жетекчиси ишкер Ирсалиев Рахаттын каржылоосу менен информатика кабинети толук жабдылган. БУУнун проектиси менен каржыланган, учурдун талабына жооп берген мектеп ашканасынан  1-4-класстын 230 окуучусуна ысык тамак берилет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер