МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИН КОНКУРСТУК ТАНДОО ТАРТИБИ

  • 01.03.2024
  • 0

22-февралда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлду.

МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИН КОНКУРСТУК ТАНДОО ТАРТИБИ

Токтомго ылайык жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси конкурстук тандоонун негизинде 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындалат. Сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өткөн учурда иш берүүчү менен 5 жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндєн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 27-февралда «Эркин-Тоо» гезитинде 2024-жылдын 22-февралындагы №79 Министрлер Кабинетинин Токтому жарыяланды.

Жобонуну толук эрежелери менен бул жерден толук таанышсаңыздар болот ► файл

Бөлүшүү

Комментарийлер