МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ STEM ОКУТУУ ЖАНА PISAга ДАЯРДАНУУ ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • 07.06.2023
  • 0

2023-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын 116 мектеп жетекчиси Татарстан Республикасынын “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коомунун базасындагы Квалификация жогорулатуу программасына катышты.

МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ STEM ОКУТУУ ЖАНА PISAга ДАЯРДАНУУ ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Кыргызстандын делегациясы “Билим берүүдө IB” форумуна катышып, “Alabuga International School” мектебинин, “Алабуга Политех” колледжинин жана “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, “PISA изилдөөлөрүндө окуучулардын жетишкендиктерин жогорулатуу” лекциясын угушту.

Ошондой эле катышуучулар STEM предметтерин окутуу, мектептерде эффективдүү башкарууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышышты.

Мектептер менен мындан аркы кызматташуунун алкагында “Алабуга Политех” 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап “Business Cats” (hr.alabuga.ru) тармагынын экономикалык стратегиясынын негизинде ишкердиктин негиздери, финансылык сабаттуулук боюнча кошумча программаны сунуштоодо.

Бөлүшүү

Комментарийлер