МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МИНИСТРЛИКТИН БУЙРУКТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 15.05.2020
  • 0

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өзүбеков Улан 14-май күнү райондогу 32 мектептин жетекчилери менен Zoom аркылуу байланышып, мектеп жетекчилерине Билим берүү жана илим министрлигинин “2019-2020-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү жөнүндө” жана “2019-2020-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын кийинки класска көчүрүү тартиби жөнүндө” буйруктары менен тааныштырды.

— Билим берүү жана илим министрлигинин “2019-2020-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартиби жөнүндөгү» убактылуу жобо менен иш алынып баруу керек экендигине У.Өзүбеков токтолуп, түшүндүрүү иштерин жасады. Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери Бекишов Ишенбек, Назарбекова Венера, Асаналиева Астра ЖРТга катталуу, аттестат, күбөлүктөрдүн толтурулушу, алдыңкы мугалимдерди сыйлыкка көрсөтүү, чейректик жыйынтык иштери боюнча маалыматтарды беришти. Өзүбеков Улан бул Zoom аркылуу дистанттык байланышта болгон директорлордун суроолоруна жооп берип, жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү аяктоо үчүн каалоо-тилектерин айтты, — дейт Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер