“МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ”. ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН “ИШ-АРАКЕТ АПТАСЫ”

  • 18.05.2022
  • 0

“МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ”. ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН “ИШ-АРАКЕТ АПТАСЫ”Бейөкмөт уюмдардын глобалдык альянсы жол коопсуздугунун “Иш-аракет аптасын” 16-майдан 20-майга чейин өткөрүлүп жатат.

Апталыктын алкагында “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси бир нече иш чараларды өткөрдү. 17-майда Бишкектин Бөкөнбаев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги №67 мектеп-гимназияда 3-класстын окуучулары менен жлл коопсуздугунун жаш инспекторлору бирге “Көчөлөр өмүр үчүн”, саатына 30 км ылдамдыктан баштагыла” деген ураан менен флешмоб акция өткөрүштү. Ушундай эле флешмоб акция 19-майда Токтогул\Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги №5 мектеп лицейде өткөрүлмөкчү.

Ал эми 18-майда Бишкек мамлекеттик университетинде Бишкектеги жол кыймылы менен коопсуздугун караган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү катышкан жыйында мектептердин, окуу жайлардын  жанында ылдамдыкты азайтуу жөнүндө активдүү талкуу өттү.

«Биз маселе карап, керектүү чараларды көрөбүз. 2022-2023-окуу жылында пилоттук түрдө мектептин жанындагы ылдамдыкты 30 км/с  менен чектөө кылсак болот деп ойлойм» — деди Бишкек шаарынын жол кайгуул башкармасынын башчысы подполковник Алмаз Исаков.

“МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ”. ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН “ИШ-АРАКЕТ АПТАСЫ”

Жол коопсуздугунун “Иш-аракет аптасынын” максаты адамдар жашап, сейилдеген жана ойногон жерлерде ылдамдыкты 30 кмге чейин кыскартуу болуп саналат. Ошондой эле жол кыймылына катышкан бардык тараптарды коопсуздук үчүн өзүнө милдеттенмелерди алууга чакыруу. Акциянын максаты чечим кабыл алган адамдарды активдүү иш-аракетке жеткирүү.

Иш-аракет аптасы социалдык медиада активдүү колдоо менен коштолууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер