МЕКТЕП ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ — КОЛ КАРМАШКАН БИР ДҮЙНӨ

  • 25.04.2022
  • 0

Ушундай аталыштагы семинар Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, социалдык педагогдор, жергиликтүү жетекчилер, укук коргоо кызматкерлери жана ата-энелер катышты.

МЕКТЕП ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ - КОЛ КАРМАШКАН БИР ДҮЙНӨ

Семинарды Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Абдылхак Жамилов ачты.
Катышуучулар мектепте жүргүзүлүп жаткан иштер менен кеңири таанышты. Семинардын жүрүшүндө сегиз класстык каанада мазмундуу тарбиялык ачык сабактар өткөрүлдү.

МЕКТЕП ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ - КОЛ КАРМАШКАН БИР ДҮЙНӨ

Негизги бөлүктө мектеп менен ата-энелердин, коомчулуктун кызматташуусун чыңдоо боюнча өз ойлорун ортого салышты.
Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын балдар иши боюнча инспектору Чыңгыз Айткулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Талантбек Жоошбаев,
«Ысык-Көл» орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Айсалкын Султанова жана «Илим» орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Журабек Миробидовдор таасирдүү баяндамаларды жасады.

МЕКТЕП ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ - КОЛ КАРМАШКАН БИР ДҮЙНӨ

Ошентип, «Мектеп жана үй-бүлө — кол кармашкан бир дүйнө» аттуу семинар өз максатына жетти.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер