МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДЫН АШПОЗЧУЛАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
- 16.04.2025
- 0
Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин мыкты ашпозчу-технологу, биринчи улуттук WORLDSKILLS Kyrgyzstan чемпионатынын жеңүүчүсү Омор кызы Айзаттын тренерлиги астында шаардык жалпы билим берүү орто мектептеринин жана бала бакчаларынын ашпозчулары «Мектеп жана бала бакчалардагы балдардын тамактануусу» боюнча 72 сааттык ашпозчулук квалификациясын жогорулатышты.
Ашпозчулар квалификациясын жогорулатуу үчүн бир катар пайдалуу сабактарды окушту, мисалга алсак, мектеп жана бала бакчадагы тамактануунун мааниси; балдардын тамактануу физиологиясы; рационалдуу тамактануунун принциптери жана азык-түлүк коопсуздугу жана санитария -гигиена эрежелери; НАССР (ХАССП) системасы менен таанышуу; бала бакча жана мектеп жашындагы балдардын тамактануу өзгөчөлүктөрү деген темалардын алкагында өз билимдерин жогорулатышты.
Ар бир өзүн сүйгөн адис билим алып туруусу зарыл. Бизге келген 72 сааттык коноктор ар бир саатты өтө пайдалуу болгонун жана билгендеринен биле электери көп экендигин айтып, ар жыл сайын уюштуруп берүүнү суранып, терең ыраазычылык билдиришти.
Сертификаттарды тапшыруу аземи да өзгөчө уюштурулуп, № 89 кесиптик лицейдин директору Гүлжан Бердимуратова жана шаардык билим берүү уюмунун өкүлү Тилен Орозова тапшырышты.
Квалификациясын жогорулаткан сертификат ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кара-Көл шаарынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, келечек муундардын туура жана рационалдуу тамактануусуна салымыңыздарды кошуп жүрө беришиңиздерге тилектешпиз!
Гүлжан БЕРДИМУРАТОВА, №89 кесиптик лицейинин директору
Комментарийлер