МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.01.2025
  • 0

28-январда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Д. Кендирбаева жапон делегациясы менен жолукту. Делегациянын курамына «Метарайз Жапан» компаниясынын директору Накамура Рёта, Кыргыз Республикасынын Жапониядагы ардактуу консулу Йотсухаши Мичинори жана  кыргыз диаспорасынын катчысы Тимур Букулуев кирген.

МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин жана Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Накамура Рёта мырза сублимацияланып кургатылган азыктарды өндүрүү долбоору жана технологиясы тууралуу айтып берди жана мындай азыктарды мектеп ашканаларына жеткирүүнү сунуштады.

Бул азыктарды өндүрүү Беловодское айылындагы заводдун курулушу аяктагандан кийин жөнгө салынат, ал үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Долбоордун алкагында компания аш болумдуу тамак-аш топтомдорун, анын ичинде диабет менен ооругандар үчүн ылайыкталган варианттарды иштеп чыгууну жана өндүрүүнү пландаштырууда.

МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Мектептер үчүн сублимацияланган өнүмдөрдү өндүрө турган заводдун курулушун аяктоо 2025-жылдын июнь-июль айларына пландаштырылган. Бул кызматташуу Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле өлкөнүн айыл чарбасын жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бөлүшүү

Комментарийлер