МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

  • 17.04.2019
  • 0

Өлкөбүздө 1-4-класстардын окуучулары үчүн мектеп тамагын уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2006-жылдан баштап уюштурулуп баштаган. 2018-2019-окуу жылына карата 1-4-класста окуган окуучулардын мектеп тамагы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен  563622,7 миң сом каралган. Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын дагы 295 мектебинде ысык тамак уюштурууга даярдык көрүүдө. Анын ичинен 200 мектепте демилге «Мерсико» эл аралык уюмунун жардамы менен ишке ашырылат. Өткөн аптада Нарын облусунун Кочкор районунда Билим берүү жана илим,  Саламаттык сактоо министрликтеринин, «Мерсико» эл аралык уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-тур уюштурулду.  Иш-чарада журналисттер «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» долбоорунун ишке ашырылуусу менен таанышып келишти.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Жоон топ журналисттер  Кара-Саз айылындагы Сагынбай Орозбак уулу  атындагы мектептеги ысык тамакты уюштуруу аракеттери менен тааныштык. Бул мектепте 306 окуучу билим алып жатса, анын ичинен 176 бала башталгыч класстын окуучулары.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, тамак-аштар боюнча координатор Венера Ибраеванын берген маалыматына таянсак, райондо 30 мектеп болсо, анын ичинен 24 мектеп ысык тамакка киришкен.

— Эми беш мектеп кирсе, ошондо Кочкор районундагы мектептердин 90%  ысык тамак менен окуучуларды камсыздап калат. 21 мектеп БУУнун БДАТ программасынын,  эки мектеп Мерсиконун жардамы менен, жана бир мектеп өз алдынча ысык тамак берип жатат. Райондогу 5876 окуучунун 4926сы  ысык тамак ичет. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көп жардам берилүүдө.  Менюну,  технологиялык карталарды түзүүдө министрлик тарабынан бекитилип берилет.  Эгерде мурда болгону бир стакан чай менен булочка берилсе, азыр салаттардын, ботколордун түрү, эт менен жасалган тамактар, ар түрдүү булочкалар, кызылча, сабиз кошулган даамдуу тамактарды берип жатабыз, — дейт В.Ибраева.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Мектепте ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жардамы менен дагы окуучулардын тамагы жакшырып, мөмө-жемиштерди бергенге аракет кылып жатышыптыр.

Ысык тамакты бул мектеп 2016-жылы эле өз алдынча берип башташкан экен. Ал кезде ысык тамак бергенге шарттар жок болгон, ошон үчүн болгону бир стакан чай менен булочка берилип келген. Кийин ахывалы начар ашкананы 264 миң сомдук капиталдык ремонттон өткөрүшкөн. Бул каражаттын жарымын Мерсико уюму бериптир.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

  • Мерсико уюму ысык тамак бергенге жакшы шарттарды түздү. Ашканага керектүү бардык жабдыктарды алып берди. Ошондой эле ашкана кызматкерлерин окутуп жатышат. Тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Бир жумалык тамактын менюсун ата-энелердин, мектеп администрациясынын, ашпозчулардын сунуштамаларын эске алып, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлүп, мектептерге таркатылат, — дейт жетектөөчү адис.

Ысык тамактын жакшырышына ата-энелер дагы салымын кошуп жатканын айтып өтүштү. Ата-эне күнүнө беш сомдон, айына 100 сомдон тамакка төлөшөт. Жуманын ар бир бешинчи күнү толук кандуу, витаминдүү тамак болсун деп ата-энелерден түшкөн каражатка тамак даярдалат. Ал күнү балдарга бешбармак, күрүч, салат жасалат экен. Ошентип балдар ысык тамак ичкенден баштап эки жылдан бери бирөө дагы сасык тумоо менен оорушкан эмес. Биринчиден, окуучулар тамакка олтурардан мурда колдорун самындап жылуу суу менен жууганды үйрөнүшкөн. Экинчиден, даараткана мектептин ичинде болгон үчүн эшикке чыгышпайт. Үчүнчүдөн, мектеп хлор менен жуулуп, тазаланат. Мына ушул үч нерсенин натыйжасында балдар сасык тумоо болушпай,  окуу процесси үзгүлтүккө учураган эмес.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Ашканадан кийин мектеп директору журналисттерди Илимдер академиясы тарабынан манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата уюштурулган музей менен тааныштырды. Мектептин окуучулары үч тилде музейдин ичинде илинген маалыматтарды айтып берип, таң калтырышты. Ошондой эле 3-класстын окуучусу Ишенбек кызы Айдеме “Манас” эпосунан кырааты менен үзүндү айтып, баарыбызды кубантты. Кийинки сапарыбыз Ак-Жар мектебинде уланды. Мектеп директору Жумгалбек Көчөтбаевдин маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери башталгыч класстын окуучулары тамактанышат экен.  Мектепте 435 бала окуйт, анын ичинен 178 бала тамак ичет.

  • Мерсико уюму менен келишим түзүп, былтыртан бери иштеп жатабыз. Бир жылга байытылган ун, суу май, күрүч, гречка менен камсыздашты. Ар бир балага өкмөт тарабынан он сом бөлүнөт. Эне-аталар 100 сомдон төлөшөт. Мерсико уюму ашпозчуларды окутуп беришти, — дейт Жумгалбек Көчөтбаев.

Маалыматка ылайык, учурда 295 мектептин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

—    Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү   бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле, министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринин 60,6 пайызы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда, — дейт министрликтин пресс-катчысы Айзура Чыкынова.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

 Самара Умралиева, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

—    Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Саламаттыкты сактоо министрлиги жана биздин эл аралык өнөктөштөр Мерсико уюму менен БУУнун БДАТтын атайын программасы аркылуу билим сапатын жогорулатуу максатында башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Бул абдан чоң программа. Программанын эң негизги максаттары – пилоттук мектептерди тандап алып, алардын экспериментинин негизинде мектеп тамагын жакшыртуу үчүн улуттук саясатты иштеп чыгуу; мектеп тамагынын туруктуу жана эффективдүү моделин иштеп чыгуу жана бекитүү каралган. Программа башталгандан БУУнун БДАТ программасы тарабынан 336 мектеп 2,2 млн. долларга заманбап жабдуулар менен жабдылды, 1,772 тонна байытылган ун берилди. Ал эми Мерсико уюму тарабынан 71 мектеп 14294406 сомго заманбап жабдуулар менен жабдылды, 229656 сомго 84 мектеп 2017-жылдан баштап ишке кирди жана 22 миллионго жабдуулар берилип, 390 тонна азык-түлүктөр берилди. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин, жогоруда белгиленген донорлордун жардамы менен бардыгы болуп, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 1371 мектепте шарттар түзүлүп, 1988230 балага ысык тамак берүү жүрүп жатат. Бул сан токтоп калган жок. Жергиликтүү бийлик, ата-энелер тарабынан баласынын сапаттуу тамак ичишине кызыкдар болгондор көбөйдү. Бул долбоор аткарыла баштагандан бери бир дагы терс жагын көргөн жокпуз. 2019-2022-жылдарга карата бир нече иш-чараларды карап жатабыз. Анын ичинде эмдиги жылы дагы 200 мектепте ысык тамак уюштурулат. Донорлор өмүр бою эле мектептерди камсыздай беришпейт. Бул долбоор туруктуу болуш үчүн биз Өкмөткө кайрылып жатабыз, мектеп тамагына бөлүнчү каражатты көбөйтүү боюнча. Анткени мамлекет өз алдынча мектеп тамагын уюштурат деген пландарыбыз бар. Бул боюнча “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, Жогорку Кеңештин кароосуна бердик.

 Умамат Кандалаева, Кыргызстандагы Мерсико уюмунун директору:

— Мерсико уюму Билим берүү жана илим министрлиги менен 2012-жылдан баштап кызматташып келатат. Үч тараптуу меморандумга кол коюлган: Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтери жана Мерсико уюму тарабынан. Билим берүү министрлиги бизге бүгүнкү күндө ысык тамакка муктаж  мектептердин тизмелерин беришет. Ошондо гана биз ушул мектептер менен сүйлөшүп, анын шарттарын көрүп, берчү жардамдарды карайбыз. Биздин талап боюнча программаны ишке ашырууда ата-энелер комитеттери менен жергиликтүү бийлик чогуу катышышы керек. Эгер алардын бирөө макул болбосо, анда биз бул программаны ишке ашыра албайбыз. Республика боюнча 291 мектепти ысык тамак менен камсыз кылганга жардам бердик. Кочкор району боюнча эки мектепке жардам берип келатабыз. 1-сентябрдан баштап дагы 200 мектепке ысык тамак уюштурулганы жатат, ошондо жалпысынан өлкө боюнча 450 мектеп ысык тамак менен камсыздалат. Бул программа 2021-жылга чейин иштейт. Албетте, Билим берүү жана илим министрлигинин, мугалимдердин, мектеп администрациясынын, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин колдоосусуз бул долбоор ишке ашмак эмес. Андыктан мен баарына ыраазычылык билдирем.

Ириде ашпозчуларды кесиптик-техникалык окуу жайлардан  2-3 жумалык курстан өткөрдүк. Алар сертификат алышты. Көп балага кантип сапаттуу тамак жасаш керек экенин, технологиялык карта түзгөңдү үйрөнүштү. Тамактануудан мурда балдарды санитардык-гигиеналык нормаларга үйрөтүү үчүн атайын мугалимдерди да окуттук. Колду самын менен кантип туура жууш керек экенин. Бул баланын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизбей койбойт. Мындан тышкары ар бир кабатка балдар жана мугалимдер үчүн дааратканаларды салып бердик.

Балдар ысык тамак ичкенден баштап иммунитеттерди жогорулап, оору эмне экенин унутушту. Курсагы ток бала, албетте, окуганга кызыгат. Биз балдардын жаш курактарын эске алып, жергиликтүү ишкерлерден кооз, кызыктуу китептерди сатып алдык. Эки мектептин класстарында, китепканаларында атайын китеп окуу бурчтары уюштурулган. Жалпысынан 102 китеп сатылып алынды. Балдарга китепти кайсы учурда, кантип туура окуп бериш үчүн башталгыч класстын мугалимдери менен китепканачыларды окуттук.

Биздин башкы максатыбыз – билим сапатын жогорулатуу.

Маалымат үчүн:

Мерсико уюму Кыргызстанда программаларын ишке ашырганына 25 жыл болду. Уюм Кыргызстанга 1990-жылдары келген. Ошол татаал жылдары өлкө гуманитардык жардамга муктаж болуп турган чагы эле. Америкалык мамлекеттик департамент  менен Айыл чарба министрлиги Мерсико уюму тарабынан билим берүү үчүн атайын байытылган тамак-аштар менен жардам бергенине 15 жылдын жүзү болуптур.

Нурлан Бакиров, Сагынбай Орозбак уулу  атындагы мектептин директору:

  • Ысык тамак менен 125 бала тамактанып жатат. Мерсико уюму коридорго 34 миң сомдун тегерегинде Аристон менен эки кол жуугучту коюп беришти. Ал эми үчөөнү белекке беришкен. Ошондой эле быйылкы окуу жылында Мерсико уюму ички даараткананы оңдоп беришти. Баары 548 миң сомго турду, ушунун 5% ата-энелер каржылашты. Ошондо 518 миң сомду Мерсико уюму берди болот. Бул уюм бир жылдык азык-түлүк менен дагы камсыздайт. Маселен, байытылган ун, күрүч, гречка жана суу май менен. Ысык тамак бергенден баштап балдардын сабакка кызыгуусу өрчүп, көңүлдөрү ачык. Балдар шыктануу менен окуп жатышат.

  Алтынкыз, 3 «а» класстын окуучусу:

— Биз биринчи класстан бери тамак ичебиз. Тамак абдан таттуу. Ботколордун  түрү, кургак тамактар берилет, компот, булочкаларды жейбиз. Тамак жегенден кийин сабакка барганда көңүлүбүз ачылып, окугубуз келет. Биздин өнүгүп-өсүшүбүзгө тамак жакшы жардам берет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”,

Бишкек – Кочкор — Бишкек

 

Бөлүшүү

Комментарийлер