МЕКТЕП ПСИХОЛОГУ: МАСТЕР-ТРЕНЕРЛЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ
- 27.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларга психологиялык-педагогикалык колдоону системалаштыруу жана психологдордун ишин туура уюштуруу максатында маанилүү кадамдар жасалууда. Бул багытта КР Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 1380/1 буйругунун негизинде, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (РИПК) базасында 144 сааттык «Мектеп психологу» кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу өз ишин баштады. 
Бул курска өлкөбүздүн бардык аймактарынан келип түшкөн адистердин арасынан тандалып алынган 31 тажрыйбалуу адис катышууда. Алардын катарына психология адистиги боюнча тийиштүү билими бар же буга чейин мектептерде психолог катары эмгектенген адистер тартылган. 
Окуу курсунун негизги максаты — аймактардагы мектеп психологдорунун потенциалын күчөтүү жана усулдук колдоо көрсөтүү системасын жолго коюу. Курстун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга мастер-тренер сертификаттары ыйгарылат. Алар келечекте өз аймактарына кайтып барып, жер-жерлердеги мектеп психологдорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча иш алып барышат жана кесиптештерине зарыл болгон усулдук-кеңеш берүүчү колдоолорду көрсөтүшөт.
А.К., «КБ»

