МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН КАНИКУЛДАРЫ ДАГЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫБЫ?

  • 17.08.2021
  • 0

Кыргызстанда окуу жылы реалдуу режимде 15-сентябрда башталат. Албетте, окуучулардын каникул күндөрүнө да өзгөрүүлөр кирет, деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, мектептерде окуу мөөнөтү төмөнкүдөй болот: 1-чейрек — 15-сентябрдан 5-ноябрга чейин, 38 окуу күнү. Каникул — 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин. 2-чейрек — 15-ноябрдан 31-декабрга чейин, 35 окуу күнү. Каникул — 2022-жылдын 1-январынан 10-январга чейин. 3-чейрек — 11-январдан 18-мартка чейин, 47 окуу күнү. Каникул — 21-марттан 27-мартка чейин. 4-чейрек — 28-марттан 8-июнга чейин, 50 окуу күнү. Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Ал эми 10-июндан 1-июлга чейин 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынактарды тапшырышат. 11-июлда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү күбөлүк алышат, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 15-июлда берилет. Ошондой эле колледждер менен жогорку окуу жайларда биринчи жарым жылдык 15-сентябрдан 31-декабрга чейин созулат. 2022-жылдын 3-январынан 21-январга чейин сессия жүрөт. Каникул — 24-январдан 5-февралга чейин. 7-февралдан 25-июнга чейин — экинчи жарым жылдык. 27-июндан 16-июлга чейин — сессия. 2022-2023-окуу жылына карата колледждерге жана жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 20-июндан 10-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер