МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ САЯКАТ ЖАСАШТЫ

  • 30.10.2026

2026-жылдын 28-октябрында Сокулук районуна караштуу Новое (Алмалуу) айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9- жана 11-класстарынын окуучулары жана мугалимдери Жогорку Кеңешке таанышуучу саякат жасашты.

Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сапарга Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун МАИ кызматкерлери коштоп барышты. Алардын жоопкерчиликтүү мамилеси жана көрсөткөн көмөгү сапардын коопсуз жана уюшкандыкта өтүшүнө өбөлгө түздү.

Сапардын негизги максаты — окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү, мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу, жаштардын жарандык жоопкерчилигин арттыруу болду.

Сапардын алкагында Жогорку Кеңеш депутаты Тайгараева Эдита Каныбековна менен жолугушуу уюштурулду. Депутат окуучулар менен пикир алмашып, аларга ак тилектерин арнады.

Ошондой эле мектеп окуучулары парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, депутаттардын иш процессине күбө болушту. Бул сапар алар үчүн жөн гана саякат эмес, өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү жана мыйзам чыгаруу тармагы тууралуу түшүнүктөрүн тереңдеткен маанилүү тажрыйба болду.

— Бул сапар биз үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды китептерден жана интернеттен гана көрүп келсек, бүгүн анын иши менен жакындан тааныштык.  Мындай мүмкүнчүлүк бизге жаңы максаттарды коюуга, келечегибиз жөнүндө тереңирээк ойлонууга түрткү берди. Бизге ушундай шарт түзгөн мектебибиздин директору Айдай Джолчубековага жана жолугушууну уюштурган Жогорку Кеңештин депутаты Тайгараева Эдита Каныбековнага ыраазычылык билдиребиз»,-деди окуучу Жоокер Батишов.

Билим берүүдө теориялык билим менен катар практикалык тажрыйбанын да мааниси чоң. Окуучулардын Жогорку Кеңешке барып, парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, эл өкүлү менен түз баарлашуусу алар үчүн чоң тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк мааниге ээ.

«Мындай жолугушуулар жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекеттик башкарууга болгон кызыгуусун арттырат. Өзгөчө бүтүрүүчү класстардын окуучулары үчүн бул сапар келечектеги кесип тандоодо жана жашоодогу максаттарын аныктоодо пайдалуу болот деп ишенем»,-дейт мугалим Зарина Соорбекова.

«Биздин негизги максатыбыз — билимдүү гана эмес, мекенин сүйгөн, жоопкерчиликтүү, өз оюн эркин билдире алган жана коомго пайда алып келген инсандарды тарбиялоо. Ушундай мазмундагы иш-чаралар окуучуларыбыздын өнүгүүсүнө чоң салым кошот».

Аталган мектептин эмгек жамааты Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун МАИ кызматкерлерине окуучулар менен мугалимдерди коштоп барып, алардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Раяна Бейшенбекова, Айсулуу Шаршеналы кызы

 

Бөлүшүү