МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ГЕНДЕРДИК ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ ИЗИЛДӨӨДӨ

  • 17.03.2021
  • 0

Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында “Зомбулукту актаба!” республикалык сынагы башталды. Сынактын алкагында 9-11-класстын окуучулары коомдогу гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темаларын изилдешет.

Сынак Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган. Бүгүнкү күндө жалпысынан 303 команда каттоодон өттү, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкек шаарынан да 909 мектеп окуучулары тартылды.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өз региондорунда 50дөн кем эмес респондент менен маектешүү жолу аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүзүшү керек. Алынган маалыматтын негизинде командалар социалдык видеоролик тартышат. Көз карандысыз калыстар тобу катышуучулардын сурамжылоолорунун жана даярдалган видеороликтердин натыйжаларын баалайт. Окуучулардын видеороликтери YouYube социалдык тармагына жүктөлөт. Сынак облустук жана республикалык этаптарда өтөт. Жеңүүчүлөр ала турган сыйлыктардын арасында ноутбуктар жана телефондор бар. Бул укуктук сынак USAID-IDLO эл аралык уюмунун “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.
Алынган жооптордун негизинде сынактын уюштуруучулары респонденттердин укуктук сабаттуулугун, ошондой эле алардын гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту кабыл алуу деңгээлин аныктай алышат. Акыркы суроо өзгөчө кызыгууну жаратат: эл аралык эксперттердин айтымында, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү мыйзам болуп саналат. Бирок иш жүзүндө бул көйгөйдүн статистикасы аянычтуу бойдон калууда жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту коомдун өзүнүн кабыл алуусун өзгөртүү керек.
Конкурстун статистикасы:
Азыркы күндө конкурска 303 команда катталды, алардын арасында: Чүй облусунан 59 команда, Ош облусунан — 43, Талас облусунан — 21, Ысык-Көл облусунан — 31, Баткен облусунан — 19, Жалал-Абад облусунан — 73, Нарын облусунан — 21 жана Бишкек шаарынан — 40 команда. Облустук этаптын жыйынтыктары 2021-жылдын 27-мартынан 30-мартына чейин чыгарылат. Сынактын жалпы жыйынтыгы 1-апрелден 3-апрелге чейин чыгарылат.
#Зомбулукту актаба
#JashtarTendik3un

 

Бөлүшүү

Комментарийлер