МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ 12 КҮНГӨ КАНИКУЛГА ЧЫГАТ
- 20.12.2021
- 0
Быйыл мектеп окуучулары 31-декабрдан баштап кышкы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кышкы каникул 12 күнгө созулуп, сабактар 2022-жылдын 12-январында башталат.
Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.
Бөлүшүү
Комментарийлер