МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН САНЫ 1304 ЖАШ АДИСКЕ КӨБӨЙДҮ

  • 18.10.2021
  • 0

5-октябрга карата мектеп мугалимдеринин саны 1304 жаш адиске көбөйдү

Билим берүү системасы – насаатчылыктын жана бүтүрүүчүлөрдү – жаш адистерди республиканын мектептеринде иштөө үчүн бөлүштүрүүнүн тарыхый тажрыйбасын колдонууну улантып келе жаткан аз сандагы башкаруу системалардын бири. Мамлекеттик бөлүштүрүү республиканын аймактары тарабынан берилген мугалимдерге муктаждык боюнча өтүнмөлөргө ылайык жылына бир жолу жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда бош орундар тууралуу динамикалык таблицалар окуу планына ылайык ар бир мектептин муктаждыктарына жараша, мектептердин штаттык ырааттамасын, райондун борборуна чейинки аралыгын, жүктөмүн, окутуу тилин, үстөктөрүн, жаш адистер үчүн көрсөтүлүүчү жеңилдиктерди жана алардын турак-жай менен камсыздалышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ай сайын түзүлөт.

2021-жылы бюджеттик негизде окууну аяктагандардын ичинен 1606 жаш адис так бөлүштүрүлдү, 454 жаш адис (мисалы, кош бойлуу аялдар, 3 жашка чейинки балдары бар адамдар ж.б.) эркин бөлүштүрүү укугун алышты. 2021-жылдын 15-октябрына карата  бөлүштүрүлгөн ордуна баргандардын саны 81,1 пайызды түздү (пайыздык көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө)

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер