МЕКТЕП МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ

  • 12.09.2025
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин жана Табигый илимдер институтунун демилгеси менен Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту (ПККЖКДРИ) менен биргеликте «Мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосундагы байланыш» аталышында тегерек стол өттү.

МЕКТЕП МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ

МЕКТЕП МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ

Маалыматка таянсак, иш-чаранын максаты — жаңы билим берүү стандарттарынын негизинде орто мектептердеги өзгөрүүлөрдү талкуулоо жана ушул өзгөрүүлөргө ылайык жогорку окуу жайларда мыкты мектеп мугалимдерин даярдоону өркүндөтүү.

МЕКТЕП МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ

МЕКТЕП МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ

Тегерек столдун мазмундуулугу тууралуу И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева өз сөзүндө баса белгиледи. Ошондой эле Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун  директору Алмазбек Токтомаметов билим берүү тармагындагы жаңылыктар боюнча маалымат берди.

Иш-чарада катышкан Кыргыз билим берүү академиясынын жана КРнын Агартуу министрлигинин эксперттери, ошондой эле университеттин окутуучулары өз пикирлерин билдиришти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер