МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ КЫЗЫКТУУ ТАЙМАШ

  • 20.10.2021
  • 0

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 3-4 — класстар арасында “Күз берекеси” аталышындагы таймаш болуп өттү.

Таймашка 3-“ж”классы активдүү катышты. Бул класстын окуучулары дан өсүмдүктөрүнөн “Менин сүйүктүү каарманым” жана “Зоопаркта” деген теманын алкагында көргөзмө уюштурду. Ар бир композиция кылдаттык менен жасалып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ КЫЗЫКТУУ ТАЙМАШ

Мында ата-эне, үй-бүлө, окуучу менен мугалимдин кызматташтыгы байкалды.
Бул күнкү таймашта 3-«ж» классынын мугалими жаш педагог Темирбекова Сезимдин уюштуруучулук жөндөмү жогору болду.

Гүлүмкан Асанкадырова, УИТМЛдин башталгыч класстарынын насаатчы мугалими 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер