МЕКТЕП КУРУЛУШУ ЖАНДАНАТ

  • 11.09.2020
  • 0

Ош шаарындагы курулушу убактылуу токтоп турган үч мектептин курулушу улантылмакчы. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Ш.Мадаминов билдирди.  

— Ош шаарында курулушу токтоп калган мектептерге республикалык бюджеттен жыл башында 100 млн сом каралган. Бүгүн-эртең ал акчанын 50 млн сому которулса, биз ишти дароо баштаганга даярбыз. Адегенде курулуш иштери 60-70% аяктап калган мектептерден баштайбыз. Бөлүнгөн акча толук которулганда, ошого жараша мектеп курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет, — дейт Мадаминов.

Анын айтымында, шаарда учурда курулушу убактылуу токтоп турган төрт мектеп бар.

 

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер