МЕКТЕП КУРУЛУШУ АЯКТАП КАЛДЫ

  • 22.09.2021
  • 0

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Борко айылындагы К.Каримов атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 60%га даяр.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, подряддык уюм тарабынан объекттин чатырын, терезе блокторун орнотуу иштери аяктады.

Учурда ички жасалгалоо жана электр куроо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдѳ. Сырткы жасалгалоо иштери да башталды.

375 орунга эсептелген билим берүү объектисинин курулушу 2020-жылдын январында башталган. Объекттин сметалык наркы 1 млн 20 миң 210 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 459 миң 94 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер