МЕКТЕП КИТЕПКАНАЛАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ –УЧУР ТАЛАБЫ
- 20.10.2023
- 0
23-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк мектеп китепканаларынын күнү. Бул майрам 1999-жылдан бери жыл сайын октябрдын төртүнчү дүйшөмбүсүндө дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө ЮНЕСКОнун демилгеси менен белгиленип келет.
Мектеп китепканалары балдарга билимдин чексиз дүйнөсүн ачып, аларга көркөм адабияттын жана окуу адабиятынын ажайып дүйнөсүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биздин өлкөбүздө да мектеп китепканалары менен китепканачыларына өзгөчө көңүл бурулууда. 2023-жылдын 11-августунда республикабыздын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Билим берүү жөнүндө” мыйзамда мектеп китепканачыларын педагогикалык кадрларга теңеди.

Төлөгөн Аматов
Бул кадам мектеп китепканачыларынын окуучуларга билим берүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алуу менен жасалды. Алар билимдин сактоочулары гана болбостон, окуучулардын окуу, талдоо, изилдөө жөндөмдөрүн калыптандырууда активдүү роль ойношот. Жаңы мыйзам мектеп китепканачыларына педагогдун укуктук статусун гана бербестен, аларга чоң ыйгарым укуктарды тартуулады. Мындан ары китепканачылар педагогдордой эле окуу иш-чараларына катышууга, билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана мугалимдер менен кызматташууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.
Бүгүнкү күндө мектеп китепканасынын ролу өзгөрүүдө, ал үчүнчү миң жылдыктын мектеп китепканасы катары маалыматтык технологиялар менен жабдылган борбор болуп саналат.
Санариптик өзгөрүүдөн мектеп китепканалары да четте калбайт. Китепкана системаларын автоматташтыруу заманбап мектептерде билим берүүнү жана окууну камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп калууда. Бул макалада биз мектеп китепканаларын санариптештирүүдөгү «Жаңы китеп» автоматташтырылган маалымат системасынын ролу жана мааниси жөнүндө маалымат берүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы “Жаңы китеп” мекемесинин директору Төлөгөн Аматовду сөзгө тарттык.

Молдоташева Диляра Сулаймановна
Санариптештирүү – салттуу китепканаларды заманбап технологияларды колдогон маалымат борборлоруна айландыруу процесси
«Бул трансформациянын негизги элементтеринин бири мектеп китепканачыларынын ишин жөнөкөйлөштүргөн автоматташтырылган китепкана системаларын киргизүү болду. “Жаңы китеп” мекемеси Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин заманбап талаптарга жооп берген окуу китептери менен толук камсыз кылуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн. «Жаңы китеп» системасы мектеп китепканаларын автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан алгачкы платформа болуп калды.
Бул инновациялык система мектеп китепканаларында канча жана кандай окуу китептери бар жана окуучулар окуу китептери менен канчалык камсыздалганын анык көрсөтүп турат. Окуу китептеринен түшкөн акча каражаты көрсөтүлүп, жетишпеген окуу китептерге өтүнмө берилет. Мектептердин өтүнмөсүнүн негизинде окуу китептери басылып чыгат. Мурда китепканачы бир отчётту бир ай жазып, андан кийин районго, райондон облуска жиберилип отуруп, үч ай убакыт талап кылынчу. Азыркы онлайн системада 5-10 мүнөттүн ичинде алаканга салып койгондой бүт отчётторду көрүүгө болот. Сайттан биз канча китеп жараксыз абалда, канча мектепте китеп жок экенин билсек болот. Республика боюнча 2000ден ашык мектептерге компьютер жеткирилип, китепканачылар атайын cанарип окуудан өтүштү. Азыр китепканачылар системаны толук өздөшүрүп, информатиктерден кем эмес иштеп калды.
Китепканачылар арасында китепканачылар гимнине конкурс жарыяланып, аны акын, жазуучу китепканачыбыз Тагаева Кимия эже жазып берип, Нурчолпондун аткаруусунда “Китепканачылар гимни” жаңырды.
Республикалык масштабда китепканачылардын эки чоң форуму өттү. Бул форумга эң алдыңкы китепканачылар келип, көптөгөн жакшы маалымат алып, иш-тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишти. ”Жаңы китеп” мекемеси уюштурган “Билимге кошумча” акциясы да өзүнүн жакшы натыйжасын берүүдө. Мекеме башчылары, атактуу инсан болобу, ата-энеби, окуучубу, айтор, өздөрү жашаган мектеп китепканасынын казынасына кошумча салым кылып жатат. Негизи биздин китепканачылар ушундай иш-чараларга активдүү катышууда. Азыркы учурда 10 миңден ашуун китептерди китепканага белекке бердик. Жакынкы арада “Окуу керемет” долбоору 1 млн китепти белекке бермекчи. Эми дагы бир жаңылык жөнүндө айта кетсем. Быйыл Ишенаалы Арабаев атындагы университетинде атайын мектеп китепканачылардын квалификациясын жогорулатуучу курс ачылып жатат. А жактан китепканачы болом дегендер же билимин жогорулатам дегендер окуса болот. Бизде буга чейин китепканачы китепти кайтарган кароолчу же китептерди окуу жылдын башында таратуучу жана окуу жылдын аягында чогултуп алуучу болуп келген. Мындан ары китепканачы бул балдардын китеп окууга кызыктырган педагог жана ар кандай маалымат биле турган, башкага ошону бере алган менеджер адис деп айтсак жаңылбайбыз.
Бул жылы биз, китепканачылыр, “китепканачы-педагог” статусун алдык. Бул өзгөрүү жаңы билим берүү мыйзамына кирип, биз үчүн жакшы жетишкендик болду.
Замандын талабына ылайык Ютубда “Китепканачылар блогу” ачылып, ал жакта жогорку китепканалар, заманбап китепканалар, биздин форумдар, акциялар, китептердин авторлору менен интервьюлар жүктөлүп, жакшы жыйынтыгын берүүдө. Ошондой эле, интернет айдыңында Фейсбук баракчаларыбыз, Ватсап группаларыбыз ачылган. Ал группаларда китепканачылар өз эмгектери менен бөлүшүп, тажрыйба алмашуу, жаңы келген китепканачыларга улуу муундагы эжелер, алдыңкы китепканачылар көмөк көрсөтүүдө.
Акырында, эң башкы жаңылыкты айтайын. Биз окуу китептерин толук кандуу ирээтке келтирип алдык. Эмки кезек улуу жазуучулардын, белгилүү эпосторубузга тиешелүү болгон китептерди, тактап айтканда, адабий китептерди системалаштыруу милдети турат. Ал платформа аябай уникалдуу. Дүйнө жүзүндөгү китепканалар бул платформаны чоң акчага сатып алат, ал программа мисалы алсак, Орусиянын Ирбис деген программасы бар, анын баасы 500 миң сомдон 800 миң сомду түзөт. Биздин 2000 мектепке ошол программаны сатып алсак, канча миллиарддаган акча каражаты кетмек. “Жаңы китеп” маалыматтык системасын биз, өзүбүз, жасап киргизип жатабыз».
“Жаңы китеп” платформасына социалдык тармактар аркылуу усулдук жана практикалык жардам берген активдүү китепканачы, Бишкек шаарынын №91 мектеп-гимназиясынан Сезим
Дүйшөкова өз пикири менен биз менен бөлүштү.
2023-2024-окуу жылынын башында “Жаңы китеп” мекемеси дагы бир сонун жаңылыкты киргизди. Эми китептерди билдирүү атайын коштомо кагаз менен киргизмей болдук. Мына сага тактык! Эми ар бир китепти документ аркылуу киргизебиз! «Жаңы китеп» автоматташтыруу сайты түзүп берген жакшы мүмкүнчүлүктү колдоп, жөн эле олтура бербестен мектеп китепканачылары онлайн сабак алып, «Meet” программасынан үйрөнүп жатабыз. Чек арада, тоо этектеринде жашагандарга ZOOM аркылуу сабак берилип жатат.
“Жаңы китеп” автоматташтырылган маалымат системасы мектеп китепканачыларынын ишин канчалык жеңилдетти?” деген суроо менен республикалык кыргыз тили мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форумунун делегаты, республикалык “Мен жана менин мектеп китепканам” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин китепканачысы Махмуджан Кахаровга кайрылдык.
Акыркы мезгилде мектеп китепканаларынын өнүгүүсүнө, анын заманбап болуусуна көп көңүл бурулууда. Ар бир мектеп китепканасы компьютер, принтер жана башка эмеректер менен камсыздалды. “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жылдык китеп менен камсыздоо отчетторун оңой түзүп тапшырдык. Жыл ичинде өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралардын планы жана алардын өткөрүлүшү жөнүндө маалыматтар системага киргизилип, китепканалардын үлгүлүү иш-тажрыйбалары жайылтылууда. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында электрондук китепкана уюштурууга мектебибизге 15 компьютер жана видеопроектор берилип, окурмандар электрондук вариантта дүйнөлүк жана балдар адабияттарынан окуп, компьютердик сабаттулуктарын өнүктүрүүдө.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер