МЕКТЕП ФОРМАСЫ: ЖУМУШЧУ ТОПТУН ЧЕЧИМИ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КАЛДЫ

  • 30.04.2026
  • 0

Агартуу министрлиги тарабынан бирдиктүү мектеп формасына байланышкан сунуштарды кароо максатында 2026-жылдын 23-апрелиндеги №545/1 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ өз жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

Жумушчу топ мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алып, учурда колдонулуп жаткан талаптар билим берүү процессинде олуттуу кыйынчылыктарды жаратпай турганын белгиледи. Бүгүнкү күндө ата-энелердин көпчүлүгү балдарына “үстү ачык, асты кочкул түстө” деген принципке ылайык мектеп формасын тандап келишет жана бул практика кеңири колдонулууда.

Кыздар үчүн талаптар

Кыздар үчүн мектеп формасы классикалык стилде тигилген блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук жана пиджактан турат. Негизги түстөр — кара, боз, көк жана кара-кызыл.

Юбканын узундугу тизеден 5 см ылдыйдан башталып, балтырдын ортосуна чейин болушу керек. Көйнөктөр жеңи узун же кыска болуп, ак же ачык түстөрдө тигилет. Жалпы комплект 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышынан турушу шарт.

Балдар үчүн талаптар

Балдар үчүн форма көйнөк, жилет, шым жана пиджактан куралат. Бардык элементтер классикалык стилде болуп, кара, боз, көк же кочкул кызыл түстөрдө тигилет.

Көйнөктөр кебез кездемеден болуп, ачык түстөргө артыкчылык берилет. Галстук колдонууга уруксат берилет. Форманын түс айкалышы 3төн ашпоого тийиш.

Социалдык мааниси

Бирдиктүү жана токтоо мектеп формасы окуучулардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийимге байланышкан атаандаштыкты төмөндөтөт. Ошондой эле окуучулардын көңүлүн билим алууга буруп, мектеп чөйрөсүндө тартипти жана теңчиликти камсыз кылууга жардам берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер