“МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ, АБИЙИРИ БИЙИК БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 28.10.2020
  • 0
“МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ, АБИЙИРИ БИЙИК БОЛУШУ КЕРЕК”

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жетекчилери менен онлайн жыйын өткөргөндө директорлорду дайындоо боюнча жакында өзгөрүүлөр болоорун айтты. Ал үчүн өкмөт менен атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ийкемдүү иш алып барууга жана жаңыланууга аракет кылбагандар иштен кетиши керек экенин баса белгиледи.

  • Өмүр бою жетекчилик кызматта отуруу дагы туура эмес. Ошол жердеги ар бир баланын өмүрү, жашоосу, тажрыйбасы жетекчилер, сиздерге аманат. Эгерде балдардын 10-11 жылын текке кетирип отурсаңыздар, коом алдында жооп бере турган дагы күн келет. Ар бириңиздердин жоопкерчилигиңиздер, абийириңиздер бийик болушу керек. Ар бир балага сапаттуу билим алууга шарт түзүп берүү – биздин милдетибиз. Ошондуктан сиздерден эң чоң жоопкерчиликти талап кылам. Жаңыланыңыздар, чыгармачылык менен иштеңиздер. Директорлор, жетекчилер өзүңүздөр китеп окубасаңыздар, өзүңүздөрдү өнүктүрбөсөңүздөр, коомдо жүрүп жаткан процессти талдай албасаңыздар, анда арызыңыздарды жазып, өз эркиңиздер менен кете бериңиздер. Муну коомдук жаран катары айтып жатам, — деди министр.

Директорлор беш жыл гана дайындалат

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан  Абдылдаеванын айтуусу боюнча, мектеп директорлору министрликтин  жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү Жобосунун 62-пунктуна ылайык, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү/башкармалыктары менен беш жылга Эмгек кодексинин негизинде келишим боюнча дайындалат.

  • 2011-жылдын 12-сентябрында типтүү Жобого мектеп жетекчилерин ротация кылуу Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт деген өзгөртүү киргизилген. Эгерде мектеп директору беш жылдын ичинде жакшы ийгиликтерди жаратса, кайрадан дагы келишимди беш жылга узартканга уруксат берилет. 2014-жылы  бизге мектеп директорлорун ротациялоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому келгенде, министрлик буйрук чыгарып, жеринде иш алып барганыбызда, профсоюз уюму бизди сотко берген болчу. Маселен, Бишкек жана Ош шаарларында ротацияны жүргүзсө болот, анткени коомдук унаалар жүрөт. Ал эми айыл жеринде бул ишти ишке ашыруу кыйынга турат. Айылдардын ортосу алыс. Эгерде ротация болсо, ал үчүн жетекчилерди үй менен камсыз  кылуу керек болот, — дейт Г.Абдылдаева.

Мониторинг жана баалоо маанилүү

Айрым мектептерде 15-20 жылдан ашык жетекчи болуп иштеп жүргөндөр да жок эмес. Андыктан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары да бул маселени кезегинде байма-бай көтөрүп чыгышкан. Өзгөчө Бишкек шаарындагы айрым мектептердин жетекчилери өздөрүн “хан” көрүп, кызмат орундарын эстафета катары кыз-келиндерине өткөрүп берүү максаттары бар экенин айтып чыгышкан болчу. Эл өкүлдөрү  беш жыл иштегенден кийин директордун ордуна башка кадр келиши керек экенин, жаш мугалимдерге да мектепти башкарууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин айтышкан эле. Же болбосо айрым директорлор шайлоо учурунда партияларга иштеп, өз ордуларын кынтыксыз кылып бекемдеп алганы деле коомчулукка жакшы маалым.  Маселен, өткөн жылдары Бишкек шаарындагы №5 УКГнын ыраматылык директору Э.Музаева менен  №78 мектептин жетекчиси  М.Жумалиевдер ордулары менен алмаштырылган. Ошондой эле №6 АУВКнын директору Айгүл Шимова №95 мектепке которулса, №95 директору Анара Акмашаева №40 мектептин жетекчилигине дайындалган. Быйыл №6 АУВК Айгүл Усубакунова жетектеп калды.

Эксперттердин пикиринде, мектеп директорлорун алмаштырып туруу замандын талабы. Бирок бул суроого кылдат мамиле кылуу керек. Болбосо билим берүү тармагы соккуга кабылышы мүмкүндүгүн айтышат.

  • Мектеп директорлорун дайындоо жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн билим берүү кодексин иштеп чыгуу, мугалимдердин статусун көтөрүү жана директорлордун ишин баалоо маселелери күн тартибинде турат. Менимче, мектеп жетекчилеринин иши мониторинг жүргүзүү менен бааланышы керек. Же болбосо, жергиликтүү бийликтегилер ротация жасай албай, директорлорду кызматтан ала албай эле алардын жашын 65ке чектеп коюуда. Мындай аракеттер коррупцияга жол ачышы мүмкүн. Өлкө үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо абдан маанилүү. Каралбай калган мектепти жакшы нукка келтирип, оңдоп-түзөп алган соң, башка дагы проблемасы чоң мектепке ким болсо дагы баргысы келбейт. Ротация маселеси борбор калаадагы мектептерге актуалдуу, ал эми биздей айыл жергесине кереги деле жок, — дейт Маловодный орто мектебинин директору Кулипа Хайтбаева.

Жаш кадрларга басым жасалат

Кочкор районунда 34 мектеп болсо, акыркы жылдары  айрым мектептер ротацияга дуушар болгон. Маселен, Туз айылындагы, Акназаров атындагы, Ак-Чий, Шамен мектептеринин жетекчилери алмаштырылган.

  • Райондук билим берүү бөлүмү жетекчилер менен беш жылга келишим түзүшкөн. Эгерде беш жылдын ичинде кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, жумуштан токтоосуз бошойт, ал эми ишти жакшы алып кеткендер болсо жетекчиликтин мөөнөтүн узартат. Негизинен директорлорго “Билим берүүдөгү менеджмент” деген диплом керек экен. Эми министрлик айтып атат, мектеп директорун жамаат өзү шайласын деп. Анда жамаат экиге бөлүнүп, ишти билген эмес, жакшы көргөндөрүн, тууган-туушканын, классташын, аяштарын  шайлап, эсти оодарышат. Директор уюштуруучу, анан чарбакер болушу зарыл, — дейт Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков.

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белековдун пикиринде, директорлорду ротациялоо татаалыраак. Анткени айыл жеринде мектеп жетекчилеринин мал жана жер үлүштөрү бар.

  • Айыл жеринде иштеген директорлорду ротациялоо кыйынга турат. Аларга барган жерлерине шарт түзүп, ар бир директордун ишмердүүлүгүн караш керек. Кээ бир жетекчилер абдан жакшы иштешет. Убакыттын, турмуштун талабына карата өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатып, чыгармачылык менен иштеп, инвестицияларды тартып, дагы бир нерселерди ойлоп чыгып, билим сапатын жогорулатып,  олимпиадаларда, Алтын тамгада, тест алууда жакшы көрсөткүчтөргө жеткен директорлорго иштегенге мүмкүнчүлүк берүү менен экинчи мөөнөткө калтыруу туура деп эсептейм. Азыркы учурда кадр маселесинде жаштарга басым жасалууда. Нарын облусундагы беш райондун ичинен 3 районунда жана Нарын шаарында кийинки он жыл ичинде билим берүү бөлүмүнүн башчылары эки-үч жолудан жаштардан тандалгандыгына карабастан ар кандай себептер менен алмашылды,  — дейт Б.Белеков.

Жаңы министрдин талабы колго алынды

Учурда Болотбек Белеков министрликтин  талабын аткаруу  боюнча төмөндөгүлөргө өзгөчө көңүл буруп, кадр баардыгын чече тургандыгына басым жасап, тактап айтканда: жаштар менен иштөө боюнча жаңы кадрлардын резервин түзүү, жаңыча критерийлерди иштеп чыгуу; “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы, стандарты, мугалимдердин статусу, министрликтин жоболору, көрсөтмөлөрүнө ылайык окууларды өткөрүү. Тандалган кадрларды стажировкадан өткөрүү; жаштарга деңгээлине, дареметине жараша иштегенге мүмкүнчүлүк берүү, аларга шарт түзүү, ички резервге алуу, сапаттык курамды толуктоо; мектептин усулдук жана башка иштерине резервде турган кадрларды тартуу менен аларга багыт берүү; кадрлардын сапаттык курамын карап көрүп, резервдеги такшалган кадрлардан  жетекчиликке жылдырууну көздөп жатат.

Жаңылануу  – учур талабы

Жетекчилерди баалоо системасы аккредитацияда каралган. Аккредитацияны министрлик, лицензиялоо башкармалыгы онлайн түрүндө өткөрүшөт. Мектептерди аккредитациядан өткөрүүнүн арты менен директорлор тууралуу так маалымат алынат.

  • Директорлорду ротация кылуу үчүн эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү да киргизүү зарыл. Бизде жетекчилерди даярдоо деген нерсе жок, — дейт Кулипа Хайтбаева.

Жакшы билим берүү мекемесине жеткирүү үчүн көп жылдык тажрыйба, дайыма алга жылуу, өзгөчө менеджменттик билим керек. Ошон үчүн ротацияны билим берүү системасында, өзгөчө мектептерде өтө дыкаттык менен чечилиши керек экенин эксперттер айтышууда.

Дегеле 20-30 жылдап бир орунда, бир жамаатта отура берген жетекчиде жаңы демилге жоголуп, көнүмүш адатка айланып калат. Жамаатта креативдүү ойлорду айткандардыкын да кабыл албай, жаман көргөн учурлар кездешип эле жүрөт. Бир жерден кеткиси келбегендер дагы айлана-чөйрөсүнө жалаң теңтуштарын, куда-сөөктөрүн чогултуп алгандар да жок эмес. Дегеле заман талабына шайкеш жаңыланып туруу керек.

  • Жаңы жамаатка барганда жаңы көз караштар жаралып, изденип, ийгиликтерге жетишүүгө далаалаттанып иштей баштайсың, ошондо сөзсүз алдыга жылыш болот, — директор Кулипа Хайтбаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Поделиться

Комментарии