МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

  • 12.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Алгач сынактын толук жобосу менен таанышып чыгуу зарыл. 

Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Баткен облусу – [email protected]

Жалал-Абад облусу – [email protected]

Ош облусу – [email protected]

Ысык-Көл облусу – [email protected]

Талас облусу – [email protected]

Нарын облусу – [email protected]

Чүй облусу – [email protected]

Бишкек шаары – [email protected]

Ош шаары – [email protected]

Бош орундар тизмеси — файл

Көңүл буруңуз!

Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди конкурска катышуудан четтетүү боюнча негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлган.

Толук маалымат — «Жарыялар» бөлүмүндө https://edu.gov.kg/announcements/349/

Бөлүшүү

Комментарийлер