МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СПАРТАКИАДАСЫ

  • 15.04.2019
  • 0

13-апрелде Кант шаарында Чүй облустук мектеп директорлору арасындагы спартакиада болуп өттү. Бул ирет спорттук иш чараны уюштуруу Ысык-ата району колго алган. Областтын 5 районунун келген агартуучулар спорттун 4 түрү (волейбол, теннис, шахмат жана футбол) боюнча таймашты.

 МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СПАРТАКИАДАСЫ

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СПАРТАКИАДАСЫ

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СПАРТАКИАДАСЫ

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СПАРТАКИАДАСЫ

Башында Ысык-Ата жана Москва районунун директорлору тарабынан уюштурулган спорттук ынтымак турнирине азыр областтын башка райондору да активдүү кошулууда. Турнирдин негизги максаты ынтымакка чакыруу жана мугалимдерди дени сак жашоо мүнөзүнө үндөө болуп саналат.

Жалпы командалык эсеп менен Ысык-Ата району биринчи орунга, Москва району экинчи орунга чыкты. Ал эми Сокулук району 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан даярдалган кубок, диплом жана белектер менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер