МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН МАЯНАСЫ 50 ПАЙЫЗГА КӨБӨЙӨТ

  • 16.11.2021
  • 0

“Мектептин отуз жылдап жыйылган көйгөйлөрүн чечүүгө биргелешип күч жумшайлы” — деди, министр Б.Купешев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектеп директорлору менен болгон жолугушууда. Министр облустун ар бир районуна барып, мектеп директорлору менен бетме-бет баарлашып,суроо-жооп иретинде алардын көптөн бери чечилбей келаткан маселелерин угуп кайтууда.

Бул жолу деле аламүдүндүк агартуу майданынын өкүлдөрүнүн “арманы” башка райондордон көп айырмаланган жок. Жетекчилер биринчи эле мектеп имараттары тартыш болуп жатканын айтышты. Чындыгында эле борбор калаанын боорундагы айылдарда ички миграциянын эсебинен балдардын саны жыл сайын көбөйүп, көпчүлүк мектептер бир нече нөөмөттө окуганга аргасыз болуп келишет. Алсак, Төмөнкү-Ала-Арчадагы мектеп райондогу эң чоң мектептердин бири, анда окуучулардын саны үч миңге жетет. 2019-жылы 375 орундук кошумча имараты курулуп баштап, учурда токтоп турат.

Мраморное айылынын окуучуларында да ушуга окшош абал, бул айылдагы мектепке үч айылдын балдары келип окушат. Мектептен тышкары, бала бакчаларда, Балдардын чыгармачыл борборлорунда да имарат, компьютер жана башка керектүү жабдыктар жетишсиз. Балдардын чыгармачыл борборунда музыкалык аспаптар жок. Бала бакчаларда бөбөктөрдүн ден соолугуна кам көрүүчү медперсоналдарга төлөнчү айлык акылары эң төмөн болгондуктан, кадрлар барып иштөөгө кызыкдар эмес. Мектеп директорлорунун айткандары негизинен ушул маселелердин айланасында болду.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН МАЯНАСЫ 50 ПАЙЫЗГА КӨБӨЙӨТ

Чүй облусунун эле эмес, республикадагы билим берүү мекемелеринде орун алган көйгөйлөр дээрлик окшош болгондуктан, Болотбек Душекович сөзүн жалпылап, төмөнкүлөргө токтолду.

— Баарыбыз диалог аянтына чогулуп, бетме-бет кездешип, анан болгон маселелерди биргелешип чечели. Мен сиздер менен жолугушуп, жеринде таанышуу максатында ар бир районду кыдырып жүрөм. Биздин эң негизги милдетибиз — балдарга сапаттуу билим жана адептүү тарбия берүү, андыктан башка нерселер менен алагды болбойлу. Эгерде мурда ар жылы шайлоо өнөктүгүнүн түйшүгү бүтүндөй мектепке жүктөлүп келсе, мына, президенттин жарлыгы менен ал милдеттен кутулдуңуздар. Мен да бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерди шайлоого аралашпай, алыс болууну эсиңиздерге сала кетким келет. Кечээ жакында Токмок шаарында акимчиликтин кийлигишүүсү менен  кичинекей инцидент болуп кеткен экен, ал боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурдун дагы бир маанилүү маселеси – бул коронавирустан сактануу. Балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү — биздин ата-энелик, мугалимдик милдетибиз. Мен иштеп жүргөн ушул убакыт аралыгында бала бакча, мектеп, жождор өзүнчө иштеп, өзүнчө жан багып калган көрүнүштү байкадым. Биз баардык структураларды бириктиргенге аракет кылдык, себеби баары бири-бирине байланышкан. Билим берүү түзүмү бир чынжырга чырмалышкан звено экени эсибизден чыгып кеткен сыяктуу. Бала бакча мектепке даярдайт, мектеп жогорку окуу жайга даярдайт жана тескерисинче, жогорку окуу жайларды аяктаган адистерибиз бала бакчага, мектептерге келишет, — деди министр.

Болотбек Душекович маалымат катары келерки жылдын жаңы окуу жылына карата баардык мектептер компьютер менен камсыз болоорун, ал үчүн каражат да, компьютер да бар экенин, андан тышкары, мазмуну, сапаты шайкеш келген окуу китептерин басып чыгаруу иши илгерилеп жатканын билдирди.

— Сапаттуу заманбап китептерди, методикаларды, пособиелерди даярдоого түздөн-түз тиешеси бар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчиликтери менен жакындан сүйлөшүп жатабыз. Ал жерде иш ыргагы басаңдап, тартип бошоп калганын да айтпай кетүүгө болбойт. Азыр жетекчилери концепцияларды иштеп чыгышып, ошонун алкагында иш алып барууга даярданышууда.

Мындан тышкары, мектептердин эмеректерин четинен жаңырта баштайбыз, себеби бул да көптөн бери чечилбей келаткан маселелердин бири. Анан албетте, агартуучулардын эмгек акысы жогорулап жатканын жагымдуу жаңылык катары айта кетейин, бул тууралуу угуп жаткансыздар. Мектеп директорлорунун маяналары адегенде элүү пайызга көтөрүп, анан убак-убагы менен акырындап кошулуп отурмакчы. Ал эми мугалимдердин акчасын жогорулатуу үчүн мурдагы баалоо процессине кайрылуудабыз, алсак, аттестациялоо, эмгек стажына, категорияларына жараша баалоо аркылуу кошумча төлөмдөрдү кайра калыбына келтирсек, мугалимдердин маянасы жакшы эле көтөрүлүп калат. Мугалимдердин статусун жогорулатууга, мугалимдердин коомдогу кадыр-баркын арттырууга жалпылап киришпесек болбойт, себеби мугалимдердин өмүрү башкалардын балдарын тарбиялоо менен өтөт, — деди министр.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН МАЯНАСЫ 50 ПАЙЫЗГА КӨБӨЙӨТ

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Купешев ошол жерде сөз болгон мектептерди жеринен барып көрө тургандыгын, анын жыйынтыгын сөзсүз билдирерин айтып, өзүнө белгилеп алды.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер