МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ОШ ОБЛУСУНАН 55, ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНАН 39 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 01.12.2022
  • 0
30-ноябрда Ош облусунда мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөгө 155 талапкер, Жалал-Абад облусунда – 112 талапкер катышты.
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ОШ ОБЛУСУНАН 55, ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНАН 39 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
Ага чейин тандоого катышуу үчүн Ош облусунда 208 киши документтерин жиберип, алардын ичинен 163 киши тестирлөөгө катышуу укугун алган, Жалал-Абад облусунда – 140 талапкер документин жиберип, 120сы катышуу укугуна ээ болгон.
Ош облусунда компьютердик тестирлөөдө 60 пайыздык чектен 55 талапкер өттү, Жалал-Абад облусунда – 39.
Кошумчалай кетсек, Ош облусунда 101, Жалал-облусунда — 105 ваканттык орун бар болчу.
Бөлүшүү

Комментарийлер