МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: НАРЫНДАН 13, ЫСЫК-КӨЛДӨН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 25.11.2022
  • 0

24-ноябрында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: НАРЫНДАН 13, ЫСЫК-КӨЛДӨН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Нарын облусунан 13 адам босого пайыздык чектен өттү. Жалпысынан тест катышууга 46 талапкер документ жиберип, анын 36сы тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча тестирлөөдө 60 пайыздык чектен 7 талапкер өттү.  Жалпы 39 адам документ жиберип, анын ичинен 27 талапкер сынакка катышуу укугун алган.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 19 ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер