МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: БИШКЕКТЕН 9, ОШТОН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 13.12.2022
  • 0

13-декабрда Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: БИШКЕКТЕН 9, ОШТОН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынан 9 адам босого пайыздык чектен өттү. Жалпысынан тест катышууга 19 талапкер документ жиберип, анын 16сы тестирлөөгө катышуу укугун алган. Бирок бүгүн бир талапкер тестирлөөгө келген жок.

Ош шаарынан тестирлөөгө 17 талапкер документ жөнөтүп, анын 14ү тестке катышууга укук алган. Жыйынтыгында 60 пайыздык чектен 7 талапкер өттү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 4 ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер