МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ДАЙЫНДОО — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
- 07.07.2022
- 0
Билим берүү мекемелеринин, мектептердин жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалып жатат. Бул жаңы мыйзамдык чаралар эчактан бери эскирип бүткөн коррупциялык жана бюрократиялык системаны бузуп, анын ордуна заман талабындагы тартипти орнотууга тийиш. Азыркы мектепке стратегиялык жана инновациялык көз карашы бар, жогорку кесипкөй менеджерлер келиши керек.
Мектеп директорлорун конкурстук негизде дайындоо маселеси коомчулукта бүгүн эле көтөрүлүп жаткан жок. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында да бир топ депутаттар буга байланыштуу мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга алып чыгышкан.
Ошондогу демилгечи депутаттар өздөрү сунуштаган мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо жана кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо тутумун жакшыртууну көздөшкөн болчу.
Бүгүнкү күндө билим берүү уюмдарынын жетекчилерине педагогикалык эле эмес башкаруучулук, кадрдык, каржы-чарбалык жана уюштуруучулук маселелерин чечүү жүктөлгөн. Алар педагогдордон тышкары окуучулар, ата-энелер, кесиптик кошуундар, коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен иштөөгө милдеттүү. Ошону менен бирге ал жакшы педагог эле эмес, коллективди ийгиликтүү башкарган эффективдүү менеджер болуусу керек. Бирок билим берүү уюмдарынын жетекчисинин ролу бийик экенине карабай кесиптик компетенттүүлүгүн аныктоого жол берген конкурс жана аттестациялоо тутуму жок», — деп айтылат эл өкүлдөрү сунуштаган мурунку долбоордо.
Коомдук ишмер Абдывахаб Нурбаевдин пикиринде мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо мектеп жамаатына күтүүсүз бирөөнүн директор болуп келип калуусуна бөгөт коёт.
«Конкурс ачык-айкын болсо, мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү системасын оңдобосок, экономика жана башка тармактарды өнүктүрүү оор», — дейт Нурбаев «Марал Радиосуна» берген маегинде.
Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мектеп директорлорун ротация кылуу үчүн эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейт.
— Анткени ротация менен эмгек кодексинде бири-бирине дал келбеген карама-каршылыктар көп болуп жатат. Бизде мыкты мектептин директорун аймактагы башка мекемеге ротация кылууну, ошондой эле пенсия курагындагы мыкты жетекчилердин тажрыйбасын жаңы муундун директорлорун даярдоодо пайдаланууну колго алышыбыз керек, — деп баса белгилейт Алмаз Тажыбай.
Саясат талдоочу чет өлкөдө директорлор конкурстун негизинде тандалып алынып, билимин жогорулатып турарын, Кыргызстанда болсо мектеп жетекчилерин дайындоодо чоң мүчүлүштүктөр бар экенин белгилейт.
«Бизде директорлор тандоо менен алынбайт. Бул боюнча коомдук кеңеште көп келишпестикке барганбыз. Райондук бөлүм башчылары дайындаганы туура келээрин айтышат. Анда мектеп жетекчилери боюнча көйгөй жаралса, ошолор жооп берсин», — дейт Тажыбай.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстанда орто мектептердин директорлорун президент дагы алмаштыра албагандай кырдаал жаралып калганына бушайман болуп, муну тез арада чечүү Билим берүү министрлигинин түздөн түз милдети экенин ачык айтат.
Бир катар саясатчылар мектеп директорлорунун кызматтык мөөнөтүн чектөө маселени чечпей турганын, бул үчүн ротация жана жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндө конкреттүү жобо иштелип чыгышы керектигин белгилешүүдө.
Билим берүү боюнча эксперт, укук коргоочу Анара Дауталиева башка кызматтарда мөөнөт болгон сыяктуу эле директорлор үчүн да кызматтын убактысын аныктоо керек, директорлорду дайындоо коррупциялык схема болуп калган, өздөрүнө өздөрү баа берип, аккредитациядан өткөрөт деген чочулоосун билдирет.
Ал эми физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев мектептер айрым директорлор үчүн бизнес болуп калганын, бул көйгөйдөн арылуу үчүн билим берүү кодексин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт.
— Министрдин укугун калыбына келтирүү зарыл. Ал өзүнүн колунда механизм болсо иштейт. Билим берүү кодекси болушу керек. Азыр бизде мектепке чейинки, жалпы базалык, баштапкы кесиптик билим берүү, илим боюнча мыйзамдар бар. Ал эми жалпы билим берүү кодекси жок, — дейт профессор.
Садыр Жапаров баштаган бийлик билим берүү тармагына көп көңүл буруп жатат. Апрель айынан баштап мугалимдердин жана бир топ бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасы эки-үч эсе көбөйдү. Бул чаралар албетте, мектептеги билим сапатын жогорулатууга өбөлгө болбой койбойт. Татыктуу маяна мугалимдердин, мектеп жетекчилеринин ишке болгон мамилесин оң жагына өзгөртөрү бышык. Мындай шартта мектеп жетекчилерине болгон талап дагы күчөп, алардын коом алдындагы жоопкерчилиги бир кыйла жогорулап отурат.
Билим берүү мекемесинин жетекчиси – бул бир гана педагог эмес, ал ошондой эле башкаруучулук, кадрдык, каржылык-чарбалык, уюштуруу маселелеринин менеджери. Билим берүү мекемесинин жетекчисинин ролу чыр-чатактардын алдын алууда жана чечүүдө, жамааттагы бекем моралдык психологиялык климатты түзүүдө эң маанилүү.
Белгилүү болгондой, Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилерин конкурстук негизде жүргүзүүнү пландап жатат. Деректирликке талапкер адам компьютерде билим берүүнү башкарууга байланышкан тесттик суроолорго жооп берет. Бишкектеги бир катар мектеп директорлору кызматынан түшүп калуудан коркуп, каршы болуп жаткандай, бул жерде адам фактору деген болбойт деди министрлик түшүндүрүп. Баарын көз каранды эмес санарип система чечет. Эң көп балл топтогон талапкер билим берүү мекемесине жетекчи болуп дайындалат. Андан кийинки орундагылар резерв тизмесине жазылат.
Кыргызстандын тарыхында эки жолу билим берүү министри, эки жолу вице-премьер-министр болуп иштеген профессор, педагогика илимдеринин доктору И. С. Болжурова бул меселе чындыгында эбак бышып жетилгенин белгилеп, ошентсе да мектеп директорлорун тандоодо конкурсту ким уюштурат, тесттерди ким даярдайт деген маселелерди так иштеп чыгуу зарыл деди.
Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуу катчысы А.М. Ниязова мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо үчүн ириде республикалык деңгээлде атайын жобо иштелип чыгуусу зарыл, директор болуп иштейм деген талапкер мектепке тиешелүү укуктук-нормативдик документтерди, мектептин ишмердүүлүгүн, башкаруу эрежелерин дурус билүүгө тийиш деп эсептейт.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, педагог Дүйшөн Султанкулов татыктуу мектеп директорун тандап алууга жалгыз тесттик суроолор жетишсиз деп ойлойт. Анын пикиринде хакерлер киришип, коомдо тест суроолоруна берилген жооптор сатылып кетпейт деп айтуу кыйын, андыктан тест түрүндөгү тандоого оозеки маектешүүнү да кошуу зарыл.
— Гумандуу педагогиканын принциптери, таалим-тарбиядагы өнөктөштүк идеясы, ата-энелер менен иштешүү, бала менен кызматташуу жолдору тууралуу конкреттүү суроолор кимдин ким экенин дароо ачыктап коёт, — дейт жазуучу, педагог.
Лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай мектеп директорун ар бир жамаат шайлоо жолу менен аныктап алса деген тилегин билдирет.
Анткен менен агартуучулар арасында Билим берүү министрлигинин азыркы демилгесин колдогондор арбын.
-Директорлорду конкурстук негизде тандап алуу эң туура деп ойлойм. Муну мен директорлук тажрыйбамдан көрүп жатам. Көп мыйзамдарды, жетекчилик ишке тиешелүү кагаздарды билүүгө туура келет экен. Мен өз ордума талапкер болууга ушул күндөн даярданып жатам, — деп айтат Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин директору Узен Атаканов.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер